2035-жылга чейин ЕАЭБ экономикалык өнүгүүсүнүн Негизги багыттарын өкмөт башчыларына сунуштоо пландаштырылууда

2035-жылга чейин Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн Негизги багыттарын даярдоону ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык ведомстволорунун жетекчилери Россиянын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетниковдун төрагалыгы алдында өткөн кеңешмеде талкуулашты. Жолугушуу Евразия экономикалык комиссиясынын катышуусунда 3-февралда Алматыда (Казакстан Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун алкагында болуп өттү.
Максим Решетников белгилегендей, 2022-жылы ЕАЭБ мамлекеттери туш болгон кыйынчылыктарга карабастан, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн олуттуу төмөндөшүнөн качууга мүмкүн болду. Ал россиялык төрагалыктын негизги артыкчылыктарына жана аларды жүзөгө ашыруу механизмдерине токтолду. 

2035-жылга чейин ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн Негизги багыттарын иштеп чыгууга жана мазмунуна карата мамилелерди талкуулоо негизги маселе болуп калды.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин сөзү боюнча, бул стратегиялык пландоо документи атаандаштык артыкчылыктарын жана илимий-техникалык потенциалдарын интеграциялоонун негизинде, ЕАЭБдин бардык мамлекеттери үчүн жалпы узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүнүн келечектүү багыттарын аныктайт. Документти кабыл алуу мамлекеттерге интеграциядан кошумча экономикалык натыйжаларды алууга мүмкүндүк берет. 
Жолугушуунун катышуучулары долбоордун мазмунуна карата мамилелерди талкуулашты. Документти ЕАЭБдин премьер-министрлерине 2023-жылдын майында сунуштоо пландаштырылат.

Маалымат 

Кеңешмеге Армения Республикасынын экономика министри Ваган Керобян, Беларусь Республикасынын экономика министринин орун басары Алеся Абраменко, Казакстан Республикасынын улуттук экономика боюнча вице-министри Ильяс Усеров, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Россия Федерациясынын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетников жана Россия Федерациясынын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев катышышты. 

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин экономика министрликтеринин жетекчилеринин ЕЭК өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешмелери 2019-жылдан бери Бирликтин экономикалык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулоо максатында өткөрүлүп келет.


ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү