ЕЭФ-2026га ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо ачылды
21.05.2026

28-29-майда Астанада Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйыны жана Евразия экономикалык форуму өтөт. Иш-чараларга ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин, Бирликке караштуу байкоочу мамлекеттердин башчылары, ошондой эле чакырылган жогорку даражалуу коноктор катышат.

Салттуу түрдө тар жана кеңейтилген курамда өтө турган Жогорку кеңештин жыйынынын күн тартиби соода-экономикалык кызматташтыктын маселелеринин кеңири спектрин камтыйт.

Казакстандын ЕАЭБдеги төрагалыгынын күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бири — соода тоскоолдуктарынын мониторингин өркүндөтүү, макулдашуулардын сакталышын талдоо жана ЕАЭБ алкагындагы экономикалык процесстердин айкындуулугун жогорулатуу үчүн жасалма интеллект технологияларын практикалык колдонуу болуп саналат.

Бул артыкчылыктуу багытты эске алуу менен алдыдагы Евразия экономикалык форумунун темасы: "ЕАЭБ глобалдык санариптик жарышта: жасалма интеллектке коюм" болот.

Буга байланыштуу Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аталган иш-чараларды чагылдыруу үчүн аккредитациядан өтүүгө чакырат.

Чет өлкөлүк ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо үчүн 2026-жылдын 22-майы Астана убактысы боюнча саат 18:00гө чейинки мөөнөттө журналисттердин тизмесин тиркелген формага ылайык mfakzaccreditation@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.

 

Жогоруда аталган иш-чараларда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-борборлор уюштурулат.

2026-жылдын 28-майында Евразия экономикалык форумун чагылдыруу үчүн аккредитацияланган чет өлкөлүк ЖМК өкүлдөрү Конгресс-борборуна (EXPO ишкердик комплекси) келүүсү зарыл. Форумдун ишкердик программасынын иш-чаралары саат 9:00до башталат.

Кошумча суроолор жаралган учурда т.: +7 (7172) 72 09 87 боюнча кайрылууңуздарды өтүнөбүз.