ЕАЭБ алкагында жөнгө салуунун бардык баскычтарында бизнес жүргүзүү шарттарына таасирин баалоо камтылат

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларына Евразия экономикалык комиссиясынын 2023-жылдагы чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоонун (ЖТБ) мониторинги жөнүндө отчет сунушталды.

"2023-жылы ЖТБдан өткөн актылардын долбоорлорунун басымдуу көпчүлүгү (77%), мындай чечимдерди колдонуу практикасын эске алуу менен ишкерлер үчүн жөнөкөйлөтүүлөрдү белгилөө менен Комиссиянын аракеттеги чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карашкан", - деп белгиледи ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов.

Отчетто ЕЭК кабыл алган чечимдеринин иш жүзүндөгү таасирине баа берүүнү (ИТБ) киргизүү үчүн, ошондой эле ЕАЭБ алкагындагы эл аралык келишимдердин долбоорлоруна ЖТБ жайылтуу үчүн зарыл болгон ченемдик-укуктук базаны түзүүнүн аяктагандыгы жөнүндө маалымат камтылган.

Бул жол-жоболор 2024-жылдын мартында колдонула башталган. Аларды киргизүү Бирликтин алкагында жөнгө салуунун жашоо циклинин бардык стадияларынын бизнес жүргүзүү шарттарына таасирин баалоо менен комплекстүү камтууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет: ишкердик ишмердикти регламенттөөгө негиз салуучу мамилелерди иштеп чыгуудан тартып, чарбакер субъекттер тарабынан ЕАЭБ укугун колдонуунун конкреттүү практикалык натыйжаларын талдоого чейин.

Бизнес жүргүзүү шарттарына таасирди баалоо механизмдерин кеңейтүү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкер чөйрөлөрүнүн евразиялык экономикалык интеграция процесстерине катышуу деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

ЖТБ – бул ЕЭКтин чечимдеринин долбоорлорунун ишкердик ишмердикти жүргүзүү шарттарына таасирин баалоо жол-жобосу, аны жүргүзүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесинин позициясы эске алынат.

ЖТБ жол-жобосу эки баскычтан турат: учурдагы баалоо – ЕЭКтин чечиминин долбоорун ЕАЭБдин сайтында 30 календардык күндөн кем эмес мөөнөттүн ичинде коомдук талкуулоо жана жыйынтыктоочу баалоо – ЖТБ жөнүндө корутундунун ЕЭКтин атайын түзүлгөн жумушчу тобу тарабынан даярдалышы.