Жаңылыктар

01.06.2022 (Обновлено: 16.06.2022 11:37)

Ичүүчү сууга карата техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн өткөөл мезгили 2022-жылдын 31-декабрында аяктайт

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕАЭБдин "Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүлөрдү аракетке киргизүү тартибин бекитти.

Буга чейин, 2021-жылдын 5-октябрында ЕЭК Кеңешинин № 97 чечими менен "Борная" суусу үчүн бордун (ортобор кычкылы менен алганда) камтылышынын үстүңкү чегин тактоо (дарылык-ашкана суусу үчүн 35,0 – 100,0 мг/дм3 жана дарылык минералдык суу үчүн – 100,0 мг/дм3 ашык) боюнча техникалык регламенттин № 1 тиркемесине өзгөртүүлөр киргизилип, алар 2022-жылдын 7-майында күчүнө кирген.

Өндүрүүчүлөрдүн мындай классификацияга акырындык менен өтүүсүн камсыз кылуу максатында 2022-жылдын 31-декабрына чейин өткөөл мезгил белгиленген. Аталган мөөнөткө чейин таңгакталган сууну бор боюнча түзөтүүлөрдү эске алуусуз (мурда чыгарылып жүргөндөй) өндүрүүгө жана жүгүртүүгө чыгарууга жол берилет. Мындай продукцияны анын даярдоочусу тарабынан белгиленген жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде жүгүртүүгө жол берилет.