ЕЭФ-2024 талааларында айыл чарбасында инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

30-сентябрда Ереванда өткөн III Евразиялык экономикалык форумдун алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегяндын катышуусунда "Айыл чарбасындагы инфраструктура жана логистика: заманбап чакырыктар жана чечимдер" тегерек столу болуп өттү.

ЕЭК министри глобалдык рынокто өндүрүш циклдери жана жеткирүү чынжырлары бузулган шарттарда азык-түлүк менен камсыз болуу жана сооданы өнүктүрүү үчүн өз убагында жана натыйжалуу жеткирүүлөрдүн өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бирликтин айыл чарба продукциялары жана азык-түлүктөрү менен соодасы ал түзүлгөндөн бери эки эседен ашык көбөйдү, экспорт дээрлик үч эсе өстү.

Дискуссиянын жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары АӨК продукциясын, анын ичинде ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин чакан жана орто ишканалары тарабынан өндүрүү жана экспорттоо үчүн инфраструктуранын жана логистиканын абалын жана маанисин, айыл чарба товарларынын тоскоолдуксуз трансулуттук кыймылын камсыздоону, ошондой эле бул чөйрөдөгү потенциалдуу долбоорлорду талкуулашты.

"Бирликтин мүчө мамлекеттеринин агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн колдоо үчүн, айыл чарба продукциясы жана азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздоону жогорулатууга, транспаренттик жана тездетилген логистикага жана заманбап инфраструктурага негизделген туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү зарылдыгы айкын. Маселенин маанилүүлүгүн түшүнүү менен Комиссия бул багытты иштеп чыгууга жана ЕАЭБ мамлекеттеринин жеткирүүлөрдүн натыйжалуу чынжырларын түзүү үчүн күч-аракеттерин координациялоого өзгөчө көңүл бурат", - деп баса белгиледи Гоар Барсегян.

Катышуучулар ЕАЭБ мейкиндигинде агроөнөр жай комплексинин физикалык жана санариптик инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомдоштуктардын туруктуу диалогунун жана ийгиликтүү өз ара аракеттенүүсүнүн зарылдыгына көңүл бурушту.

Талкууга мамлекеттик башкаруунун тармактык органдарынын жетекчилери, бизнес-коомдоштуктун жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле ФАО катышты. Модератор "Яков жана Партнерлор" ЖЧКнын "айыл чарба жана жаңыланма ресурстар" багытынын директору Алексей Клецко болду.