Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору Ярослав Мандрон 2-октябрда Минск шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында ЕЭК менен ЕТӨФтүн ортосундагы Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Документ Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын эске алуу менен иштелип чыккан.
Тараптардын практикалык өз ара аракеттенүү механизмдери эксперттик жана маалыматтык алмашууну, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча координацияланган аналитикалык ишти караштырат.
«Документ биздин мамилелерибиздин тарыхында биринчи болуп калды жана системалуу диалог үчүн негиз салды. Биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнүктүрүү долбоорлорун колдоо жана алардын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн ЕЭКтин компетенцияларын жана ЕТӨФтүн инструменттерин бириктирип жатабыз», – деп баса белгиледи Бакытжан Сагинтаев.
Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун катышуучу мамлекеттери болуп Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан саналат.