7-августта Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Евразия экономикалык бирлигинин бир мамлекетинин брокерлерин жана дилерлерин башка мүчө мамлекеттердин биржаларынын (соода уюштуруучуларынын) уюштурулган тооруктарына катышууга киргизүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Муну менен ЕАЭБде жалпы биржа мейкиндигин түзүүгө карата маанилүү кадам жасалды.
Макулдашуу Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген брокерлердин жана дилерлердин лицензияларын өз ара таанууга, баалуу кагаздарды жана туунду каржылык инструменттерди сатып алуу-сатуу келишимдерин түзүү үчүн биржалык тооруктарга катышууга брокерлердин жана дилерлердин тикелей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Бир мамлекеттин брокерлерин жана дилерлерин ЕАЭБдин башка мамлекетинин биржасынын уюштурулган тооруктарына киргизүү бирдей шарттарда жүзөгө ашырылат.
Биржалык тооруктарга киргизилгенде брокерлер жана дилерлер билдирмелерди берүү, тооруктарга техникалык жеткиликтүүлүк алуу, бүтүмдөрдү түзүү, клирингге катышуу, Бирлик мамлекеттеринин депозитарийлеринде тиешелүү эсептерди ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Биржанын уюштурулган тооруктарына катышууга ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн брокерлерине жана дилерлерине аралыктан жеткиликтүүлүктүн жардамы менен уруксат берилиши мүмкүн."Брокерлер жана дилерлер фондулук рыноктун механизминин маанилүү элементтери болуп саналат. Эгерде брокерлер инвесторлорго фондулук рынокко чыгууга жана баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү башкарууга жардам берсе, анда дилерлер, өз кезегинде, ликвиддүүлүктү, баалардын туруктуулугун жана волатилдүүлүктүн төмөндөшүн камсыз кылуу менен биржалык соодага жигердүү катышат. Ошентип, брокерлер жана дилерлер баалуу кагаздар рыногунун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу менен бири-бирин толукташат", – деп ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов кол коюу боюнча түшүндүрмө берди.
ЕЭК министри белгилегендей, Макулдашууну ишке ашыруу биржаларга кошумча ликвиддүүлүктүн агылып келишин камсыз кылууга, эмитенттерди фондулоону көбөйтүүгө, мүчө мамлекеттердин өз ара соода жана инвестициялык кызматташтыгын олуттуу кеңейтүүгө жана Бирлик мамлекеттеринин каржы рынокторунун өнүгүшүн өбөлгөлөөгө мүмкүндүк берет.
"Брокерлерди жана дилерлерди уюштурулган тооруктарга киргизүү жөнүндө макулдашуу жана мурда кол коюлган Баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек ара аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашуу ЕАЭБдин алкагында жалпы биржалык мейкиндикти калыптандыруу үчүн бекем укуктук негиздерди түзөт", – деп баса белгиледи Бахыт Султанов.