ЕЭКтин VI Спартакиадасынын жыйынтыктары чыгарылды

Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин VI Спартакиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев чемпиондорду куттуктап, алтын медалдарды тапшырды.

Мелдештерге ЕЭКтин 360тан ашык кызматкери жана кызмат адамы – Евразия экономикалык бирлигинин беш өлкөсүнүн өкүлдөрү катышты. 75 комплект медаль ойнотулду.

Спартакиада – 2026нын программасына 27 дисциплина, анын ичинде кичи футбол, баскетбол, волейбол, аркан тартыш, бадминтон, күч көнүгүүлөрү, чуркоо, теннис, шахмат, шашка, дартс, киберспорт жана башкалар кирген.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча 81 катышуучу алтын медалдын ээси болду.

Жалпы командалык эсепте 42 медаль (анын ичинен 15и – алтын) утуп алган Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасынын блогу талашсыз жеңишке жетти. Комиссиянын Коллегиясынын башчысы Бакытжан Сагинтаевге VI Спартакиаданын жеңүүчүсүнүн кубогу тапшырылды.

ЕЭК министрлери мелдештерге жигердүү катышышты.

Мисалы, энергетика жана инфраструктура боюнча министр Арзыбек Кожошев 100 метрге чуркоодо жана волейболдо күмүш, ошондой эле кичи футболдо коло медалга ээ болду. Анын блогунун спортчулары жалпы командалык турнирде экинчи орунду ээлешти. Үчүнчү орунду министр Варос Симонян жетектеген ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча блоктун кызматкерлери ээледи.

Спартакиаданын бир нече рекорду жаралды.

Сууда сүзүүдө эң мыкты жыйынтыктарды ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын Катчылыгынын кеңешчиси Асет Темирболат жана Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин Пландаштыруу, контролдоо, методология жана биржа рыногунун мониторинги бөлүмүнүн башчысы Инесса Микулич көрсөтүштү.

Планка кармоо боюнча турнирде Бажы инфраструктурасы департаментинин Бажы органдарынын маалыматтык тутумдарын интеграциялоо бөлүмүнүн кеңешчиси Татьяна Рапейко рекорд койду.

Гиря көтөрүү боюнча эң жогорку жыйынтыкты ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министринин Катчылыгынын жетекчиси Валерий Бельский көрсөттү.

Отуруп-туруу боюнча мелдеште рекорддук көрсөткүчтөр менен Энергетика департаментинин Мунай-газ саясаты бөлүмүнүн кеңешчиси Владимир Ключев жана Укук департаментинин Укуктук редакциялоо бөлүмүнүн консультанты Татьяна Михайлова жеңишке жетишти.