29-майда Астанада өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн башчылары 2025-жылга чейинки евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун жыйынтыктарын карап чыгышты.
Корутунду баяндамада документ күчүндө болгон беш жылдын ичинде Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте масштабдуу ченем жаратуучулук жана практикалык иштерди жүргүзгөндүгү белгиленген.
Стратегияны ишке ашыруу мүчө мамлекеттердин экономикаларын алдыга озуп өнүктүрүү, инвестициялык жана инновациялык активдүүлүктү өстүрүү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, дүйнөлүк соода-экономикалык тутумда ЕАЭБ мамлекеттеринин салмагын арттыруу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди."18 эл аралык келишим жана макулдашуу даярдалды, Бирликтин органдарынын 500гө жакын актысы бекитилди", – деп белгиледи ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев.
Стратегияны ишке ашыруу Бирликтин ийгиликтүү иштешин, негизги секторлордо өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү, ЕАЭБдин институционалдык тутумун өркүндөтүүнү камсыз кылды. Бир катар багыттар боюнча, анын ичинде жаңы чөйрөлөрдөгү (спорт, туризм, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жашыл технологиялар, айлана-чөйрөнү коргоо, энергияны үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулук, илимий-техникалык өнүгүү) экономикалык кызматташтыкты кошо алганда, интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүү үчүн негиз салынды."Өткөн беш жылдын ичинде мүчө мамлекеттердин ИДПсы 16,6%га өсүп, өнөр жай өндүрүшү 18,9%га, айыл чарба продукциясын өндүрүү – 12,4%га көбөйгөн. Өз ара соодадагы
улуттук валюталардагы эсептешүүлөрдүн үлүшү 93,3%дык тарыхый рекордго жетти. Үчүнчү өлкөлөр, эл аралык бирикмелер жана уюмдар менен кызматташтыктын чек аралары кеңейди, – деп баса белгиледи Данияр Иманалиев.
Бирликтин мамлекеттери тоскоолдуксуз бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүүдө кыйла илгерилешти. Бул үчүн, атап айтканда, бажы транзитинин бирдиктүү тутумунун укуктук негиздери аныкталды, навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларды көзөмөлдөө механизми ишке киргизилди. Евразиялык транспорттук коридорлордун жана маршруттардын, ошондой эле транспорт чөйрөсүндөгү масштабдуу инфраструктуралык долбоорлордун тизмелери бекитилди. Тышкы жана өз ара электрондук сооданы жөнгө салуу үчүн укуктук чөйрө түзүлдү. Жалпы каржылык жана энергетикалык рынокторду калыптандыруу үчүн бир катар негизги актылар кабыл алынды.
Стратегиянын көптөгөн жыйынтыктары азыртадан эле жарандар жана ишкерлер коомчулугу үчүн сезилерлик болууда. Бул, мисалы, өнөр жай кооперациясын каржылоо механизмин ишке киргизүү, продукциянын коопсуздук талаптарын иштеп чыгуу эрежелерин оптималдаштыруу, Бирликтин алкагында илимий даражалар жөнүндө документтерди өз ара таануу, башка мүчө мамлекеттердин аймактарында эмгек ишмердигин жүргүзүүдө эмгекчилер алган пенсиялык укуктарды жөнгө салуу.
Ушул жылдан баштап евразиялык экономикалык мейкиндикти өнүктүрүү боюнча иштер "Евразиялык экономикалык жол" декларациясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында улантылууда. Ал 2025-жылдын декабрында ЕЭК Кеңеши тарабынан бекитилген.