Айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны сатуу боюнча инновациялык ыкмаларды киргизүү туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетян Волгоград областында өткөн "Бүткүл россиялык талаа күнү – 2025" көргөзмөсүнүн алкагында "Генетика. Жөнөкөй сөздөр менен маанилүү жөнүндө" тегерек столунда айтып берди.
"Азыркы этаптагы негизги багыт катары Бирлик өлкөлөрүнүн жана Комиссиянын селекциялык-асыл тукум ишине геномдук талдоонун негизинде айыл чарба жаныбарларынын асыл тукумдук баалуулугун божомолдоонун методологиясын кеңири жайылтуу боюнча биргелешкен иши болууга тийиш", – деп белгиледи Наира Карапетян.
Көргөзмөнүн иш-чараларынын жүрүшүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү пландары, атамекендик селекциялык жетишкендиктерди сактоо үчүн заманбап мүмкүнчүлүктөр, сүт багытындагы бодо малдын генетикалык потенциалын жакшыртуу жолдору талкууланды.
Тегерек столдун катышуучулары жаныбарлардын асыл тукумдук баалуулугун баалоо методикасын киргизүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат менен алмашышты, ошондой эле Бирликтин алкагында асыл тукум ресурстары рыногунун абалын жана өнүгүү келечегин карашты.
Асыл тукум малдын асыл тукумдук баалуулугун баалоо үчүн алардын генотиптик жана фенотиптик белгилерин чогултууга жана эсепке алууга, өздүк атаандаштыкка жөндөмдүү асыл тукум продукциясын өндүрүүнү өстүрүүгө унификацияланган ыкмаларды колдонуу зарылдыгы белгиленди. Наира Карапетян мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча жалпы максаттарга жетүү үчүн макулдашылган иш-аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.