Жаңылыктар

06.05.2022 (Обновлено: 23.05.2022 11:50)

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин Жеңиш Күнүнө карата куттуктоосу

Кымбаттуу кесиптештер, достор! Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бардык жарандарын Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктайм!Биз фронтто өз жанын аябай Ата-Мекенин коргогондорду, жеңиш үчүн тылда эмгектенгендерди терең ыраазычылык менен эскеребиз. Жылдар өткөн сайын биздин баатырларыбыздын эрдиги жөнүндө эстелиги өчпөйт, ал муундан муунга өткөрүлүп, учурдагы муундардын патриотуулук сезимин бекемдейт.

Евразия элдери үчүн 9-май – өзгөчө, ыйык майрам, каармандыктын, кайраттуулуктун жана эрдиктин символу. Элдердин биримдиги, майышпас духу, Ата-Мекенине берилгендиги биз үчүн ар дайым үлгү жана адептүүлүктүн багыттамасы болмокчу.

Сиздерге чын жүрөктөн чың ден-соолук, бакубат жашоо, тынчтык жана жакшылык каалайм!

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
М.В. Мясникович