Жаңылыктар

25.05.2022 (Обновлено: 10.06.2022 13:46)

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногунда керектөөчүгө карата ак ниеттүү мамиле тажрыйбасы Бишкекте талкууланды

Өндүрүштүн жана маркетингдин ыктыярдуу стандарттарын колдонуунун, сапат менеджментинин тутумун киргизүү алдыңкы практикалык тажрыйбасын, алдын алууга жана бизнестин жоопкерчилигин жогорулатууга негизделген өзүн-өзү жөнгө салууну өнүктүрүүнүн келечегин 25-майда Бишкек шаарында Евразия экономикалык форумунун алдында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн рыногунда керектөөчүгө карата ак ниеттүү мамиле жасоо тажрыйбасын өнүктүрүү боюнча тегерек столдун катышуучулары талкуулашты.

Иш-чара Бирлик мамлекеттеринин бизнесинин демилгеси боюнча Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өткөрүлдү. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-ассоциацияларынын, мамлекеттик жана коомдук органдарынын жана уюмдарынын, Өзбекстан Республикасынын жана КМШ Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

"Учурдагы мезгил бизнес өзүнүн жүрүм-турумунун моделин кайра түзүүсү менен мүнөздөлөт. Керектөөчүнүн кызыкчылыктарын эсепке алуу жана анын муктаждыктарына сый мамиле жасоо, ишкердик тажрыйбада мамлекет тарабынан да, интеграциялык экономикалык бирикме тарабынан да колдоону талап кылган жаңы жакшы трендге айланууда", - деп баса белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко.
Ал белгилеп өткөндөй, Комиссия ЕАЭБдин экономикалык туруктуулугун колдоо жана ички рыногун өнүктүрүү үчүн бизнести жана коомду консолидациялоонун жаңы механизмдерин иштеп чыгууга өзгөчө көңүл буруп жатат.

Маалымат

Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын колдоосу менен Б.Н. Ельцин атындагы Россия-Кыргыз Славян университетинин аянтчасында Комиссия тарабынан өткөрүлдү. 

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү