Жаңылыктар

30.06.2022 (Обновлено: 12.07.2022 10:48)

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы жана мүчөлөрү Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Каржы университетинин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшырышты

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян жана ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиев РФ Өкмөтүнө караштуу Каржы университетинин 40 бүтүрүүчүсүнө дипломдорду тапшырышты.
30-июнда Москвада болуп өткөн салтанатуу аземге Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн окууга келген жана аталган окуу жайды "эң жакшы" жана "жакшы" деген баалар менен аяктаган студенттер катышышты.
"Биз бүгүн бул жерге сиздер менен жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө дипломдорду тапшыруу сыяктуу ушундай айрыкча маанилүү, кубанычтуу окуяны тең бөлүшкөнү келип отурабыз, – деди Михаил Мясникович. – Сиздердин алган билимиңиздер жеке өзүңүздөр үчүн пайдалуу болуп гана эмес, чоң коомдук ролду да ойнойт, анткени сиздер аларды биздин мамлекеттердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн колдоносуздар деген ишеничтебиз".