ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Жаңы жыл менен куттуктады
Урматтуу достор!
Сиздерди Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Өткөн жылы Евразиялык экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин кызматташтыгын сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүн болду. Бул – тең укуктуулук, тең өкүлчүлүк жана чечимдерди консенсус менен кабыл алуу принциптерине негизделген биздин жалпы ишибиздин натыйжасы.

Бизди алдыда дагы көптөгөн иштер күтүп турат. Биринчи кезектеги милдеттердин катарында – экономиканын бардык тармактарын масштабдуу санариптик трансформациялоо, өнөр жай кооперациясын жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, эл аралык байланыштарды кеңейтүү жана эң негизгиси – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатуу турат.

Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерге чың ден соолук жана бакубатчылык каалайм! Биздин мамлекеттерге гүлдөп өсүү жана прогресс каалайм!

Жаңы 2026-жылыңыздар менен!


Сиздерди урматтоо менен,

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев