ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБ Күнү менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык бирлигинин Күнү менен куттуктады.


2022-жылы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен аныкталган бул майрам 2014-жылдын 29-майында ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюуга арналган.

Өткөн 12 жыл ичинде көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүүнүн ийгиликтүү интеграциялык модели түзүлдү, экономикалык бирикменин бекемдиги жана туруктуулугу камсыз кылынды, ошондой эле заманбап глобалдык тенденцияларды эске алуу менен аны өнүктүрүү улантылууда.

Евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын маанилүү багыты экономикада санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу болуп калды. 

"ЕАЭБдин келечеги – жөн гана санариптик трансформация эмес. Бул — Бирликтин глобалдык санариптик архитектурадагы позицияларын бекемдей турган биздин өлкөлөрдүн интеллектуалдык жана технологиялык потенциалын өнүктүрүү", – деп ЕЭК Коллегиясынын башчысы баса белгиледи. 

Бакытжан Сагинтаевдин айтымында, азыркы тапта эле Евразия экономикалык бирлигин дүйнөлүк маанидеги экономикалык тартуу борбору деп атоого болот.