Ирина Чазова, өз кезегинде, ассоциация Евразия регионунун өлкөлөрүнүн медицина коомдоштугунун бирикмеси болуп саналат жана саламаттыкты сактоонун, медицина илиминин жана билим берүүнүн бир кыйла толук жана ар тараптуу өнүгүүсүнө, ошондой эле Евразия мамлекеттеринде кардиология чөйрөсүндө жана чектеш дисциплиналарда илимий-изилдөө, окутуу жана практикалык ишмердик жүргүзгөн медицина адистеринин кесиптик өсүшүнө көмөк көрсөтөт деп белгиледи.
Жолугушуунун катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүндө биргелешкен конгресстерди, конференцияларды жана семинарларды өткөрүүнү колдоонун эсебинен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдарлыгын белгилешти.
Маалымат
"Евразия кардиологдор ассоциациясы" медицина кызматкерлеринин ассоциациясы – ыктыярдуу мүчөлүккө негизделген коммерциялык эмес уюм. Ал Евразия регионунун медицина коомдоштугунун бирикмеси болуп саналат жана төмөнкү чөйрөлөрдөгү бир кыйла толук жана ар тараптуу кызматташтыкка көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн:
- жүрөк-кан тамыр ооруларынын патогенезин изилдөө, диагностикалоо жана натыйжалуу дарылоо жаатында илимдин өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;
- кардиологиялык оорулардын алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо жаатындагы эң жаңы илимий жетишкендиктерди иш-тажрыйбага киргизүү;
- Евразия регионунун өлкөлөрүнүн жарандарынын арасында жүрөк-кан тамыр ооруларынын массалык түрдө алдын алууга багытталган иш-чараларды уюштуруу;
- дарыгерлерге жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо чөйрөсүндө үзгүлтүксүз билим берүү тутумун өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;
- Евразия өлкөлөрүнүн жарандарынын сергек жашоо ыңгайын алып барууга, ден соолукту чыңоого багытталган көз карашын калыптандырууга көмөк көрсөтүү.