Жаңылыктар

26.05.2022 (Обновлено: 14.06.2022 14:50)

ЕЭКтин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү Бирликтеги атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу туурасында бизнес өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти

Чек ара аралык рыноктордо өз бизнесин атаандаштардын мыйзамсыз аракеттеринен кантип сактап калуу керектиги, ошондой эле ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде мамлекеттик сатып алуулардын катышуучусу болуу туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун коомдук кабылдамасынын катышуучулары айтып беришти. Иш-чара 26-майда Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумунун "ЕАЭБдин санариптик күн тартиби" дискуссиялык панелинин алкагында болуп өттү. Иш-чаранын модератору ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиев болду. Министр жөнгө салуучулар менен бизнестин өз ара аракеттешүүсүн диалог режиминде түзүү керектигин, монополияга каршы ведомстволордун күн тартибин жакшыртуу үчүн ишкерлерден кайтарым байланыш алуу зарыл экендигин белгилеп өттү.

Форумдун алкагындагы бүгүнкү Коомдук кабылдама ЕАЭБ өлкөлөрүнүн монополияга каршы ведомстволорунун жетекчилеринин жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча жөнгө салуучулардын жана бизнес өкүлдөрүнүн бетме-бет форматта катышуусун камсыз кылууга мүмкүндүк берди.

Атап айтканда, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Улукбек Календеров, Россия Федерациясынын финансы министринин орун басары Алексей Лавров, Россия Федерациясынын Монополияга каршы федералдык кызматынын жетекчисинин орун басары Андрей Цыганов, Беларусь Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министринин орун басары Андрей Картун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев катышты.

Интеллектуалдык менчикке, анын ичинде дары-дармек препараттарына укуктарды каттоонун өзгөчөлүктөрү, учурда түзүлгөн шарттарда параллелдүү импорт маселелери, Бирликтин атаандаштык укугун өркүндөтүү маселелери, ошондой эле тармактык маселелер, анын ичинде авиаташууларды жөнгө салуу жана башкалар боюнча суроолор жигердүү талкуу жаратты.

Катышуучулар ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүн, тактап айтканда Бирлик өлкөлөрүнүн ишкерлери үчүн аларга толук кандуу жана бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо, ошондой эле өнөр жай товарларынын евразиялык реестрин түзүү жана жүргүзүү маселелерин талкуулашты.

Комиссиянын өкүлдөрү иш-чаранын катышуучуларын Бирликтин атаандаштык жаатындагы укуктук негиздери, атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чаралары менен тааныштырышты, трансчек аралык рыноктордо атаандаштыкка каршы иш-аракеттерде укуктардын бузулушу туурасында ЕЭКке даттануу берүүнүн тартибин жана негиздерин түшүндүрүштү.

Отурумдун корутунду бөлүгүндө Комиссиянын өкүлдөрү бизнес өкүлдөрү менен жеке консультацияларды өткөрүштү. Мисалы, маселелердин бири Казакстан Республикасында аэродромдордун радио-жарык берүү техникалык жабдууларын учуу алдында текшерүүлөр рыногуна жеткилик алуу маселесине тиешелүү болду. Авиаташуулар рыногунда мамлекеттик сатып алууларда электрондук санариптик кол тамганы колдонуу маселесин талкууланды.

Маалымат

Евразия экономикалык форуму Бирликтин органдарында, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде төрагалык кылган Бирликтин мүчө мамлекеттеринде жыл сайын кезек менен өткөрүлүүчү, Евразия экономикалык бирлигинин экономика чөйрөсүндөгү ишкердик иш-чарасы болуп саналат.

Евразия экономикалык форумунун программасы менен расмий сайттан таанышууга болот. 

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү