Жаңылыктар

16.05.2025

ЕЭК өкүлдөрү Дүйнөлүк бажы уюмунун техникалык комитеттеринин отурумдарына катышышты

Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы Брюсселде Дүйнөлүк бажы уюмунун (ДБУ) штаб-квартирасында кайра каралган Киото конвенциясынын башкаруу комитетинин жана Туруктуу техникалык комитеттин отурумуна катышты.

Иш-чарага ошондой эле ДБУнун Катчылыгынын, мүчө мамлекеттердин чет өлкөлүк бажы администрацияларынын, эл аралык уюмдардын, бизнестин жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышышты.

ЕЭК бажы блогунун өкүлдөрү "акылдуу бажы" институтун өнүктүрүүнүн, перспективалуу бажы технологияларын киргизүүнүн, "бирдиктүү терезе" механизмин, электрондук коммерцияны, ыйгарым укуктуу экономикалык операторду, чыгаруу убактысын изилдөөнүн,
 ошондой эле бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо механизмин ишке ашыруунун актуалдуу маселелери боюнча позицияларды айтышты.

Брюсселге сапардын жүрүшүндө ДБУ стандарттарын андан ары өркүндөтүүнүн стратегиялык багыттарын, ошондой эле ЕЭК менен ДБУнун бажылык жөнгө салуу жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү чөйрөсүндө диалогун өнүктүрүү маселесин талкуулоо болуп өттү.

Евразия экономикалык комиссиясы жана Дүйнөлүк бажы уюму Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында эл аралык стандарттардын негизинде бажы мыйзамдарын өркүндөтүү, бажылык башкаруунун натыйжалуу жана заманбап стандарттарын иштеп чыгуу ж. б. сыяктуу багыттар боюнча кызматташууну жүзөгө ашырышат.