Жаңылыктар

14.06.2022 (Обновлено: 28.06.2022 11:21)

ЕЭКтин илимий-тажрыйбалык конференциясынын жыйынтыктары боюнча прессага чыгып сүйлөө жана ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрүнүн китептеринин презентациясы

20-июнда Беларустун Улуттук илимдер академиясында "Жаңы экономикалык сыноолор шарттарында илимий-техникалык кызматташтык ЕАЭБдин өнүгүүсүнүн негизи катары" деп аталган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын жыйынтыктары боюнча ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин, ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин жана Беларустун Улуттук илимдер академиясынын президиумунун төрагасы Владимир Гусаковдун катышуусу менен прессага чыгып сүйлөө орун алмакчы.

Мындан сырткары, ошол эле жерде ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин жана ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин монографияларынын презентациясы өткөрүлөт.

ЖМК өкүлдөрүн китептердин презентациясына жана андан кийин өткөрүлүүчү прессага чыгып сүйлөөдө катышып, спикерлерге илимий-тажрыйбалык конференциянын жыйынтыктары жана евразиялык интеграциянын актуалдуу аспектилери жөнүндө суроолорду берүүгө чакырабыз.

Иш-чара 20-июнда саат 15.30да Беларусь Улуттук илимдер академиясынын имаратында өткөрүлөт, Минск ш., Эгемендүүлүк проспекти, 66-үй.

ЖМКларды аталган иш-чарага аккредиттөө маселелери боюнча байланыш адамы:

Беларусь УИАнын пресс-катчысы Марцелева Наталья Александровна, тел.: (017) 373-14-05, электрондук почта: press@presidium.bas-net.by

Презентациянын жүрүшүндө авторлору тарабынан көрсөтүлүүчү китептер:

– М.В. Мясникович "Евразиялык экономикалык интеграциянын практикалык маселелери"

Китеп мурдагы совет мейкиндигиндеги экономикалык кызматташтыктын фундаменталдык мыйзам ченемдерин ачып көрсөтөт. ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин кызматташтыгын өркүндөтүүнүн жолдору жана ыкмалары, дүйнөлүк экономиканын күчтүү жана өзүн-өзү камсыз кыла алган евразиялык борборун түзүүнүн практикалык чаралары жана механизмдери сунуш кылынат. 

– М.В. Мясникович "Жергиликтүү башкаруунун жана өз алдынча башкаруунун теориясы жана практикасы: абалы, көйгөйлөр жана сунуштар".

Монографияда жергиликтүү башкаруунун жана өз алдынча башкаруунун теориясынын жана практикасынын актуалдуу маселелери, Беларусь Республикасынын бул чөйрөдөгү мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү каралат. Беларустун регионалдык өнүгүүсүндө чет өлкөлүк тажрыйбаны эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциацияларынын ролу, функциялары жана милдеттери талданат.

– С.Ю. Глазьев "Рынокко үйрөтүү".

Монография эволюциялык экономика позициясы жагынан алып жүргүзүлгөн теоретикалык концепцияларга жана өткөөл экономикалары бар өлкөлөрдөгү реформа жылдарында чогултулган практикалык тажрыйбага талдоону камтыйт. Россиянын экономикасынын трансформациялануу маселелерине өзгөчө көңүл бөлүнөт.

 – С.Ю. Глазьев "Экономиканын өнүгүүсүн башкаруу".

Лекциялар форматында жазылган китепте учурда жүргүзүлүп жаткан экономика саясатынын теоретикалык оңтойлоруна критикалык талдоо жүргүзүлөт, рыноктук тең салмактуулук жөнүндө мифтер жокко чыгарылат. Технологиялык жана дүйнөлүк чарба жүргүзүү тартиптеринин алмашуу процесси катары узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүнүн фундаменталдык мыйзам ченемдери ачып көрсөтүлөт, экономиканын өнүгүүсүн башкаруу тутумдарындагы узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдүн мыйзам ченемдери түшүндүрүлөт.

– С.Ю. Глазьев "Акыркы дүйнөлүк согуш. АКШ баштайт жана жеңилет".

Китептин автору глобалдык суроолорго жооп берет: Америкага жаңы дүйнөлүк согуштун эмне кереги бар жана анын алдын алуу мүмкүнбү? Эмне үчүн ал Украинаны плацдарм катары тандап алды? Биз батыштын агрессиясына эмнени каршы коё алабыз? XXI кылымда Россияны, Украинаны жана бүткүл дүйнөнү кандай келечек күтүп турат?