Жаңылыктар

17.02.2023 (Обновлено: 20.02.2023 15:47)

ЕЭКтин колдоосу менен Беларустун жана Россиянын навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперименти башталды

Навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперимент Беларусь Республикасында экспорт бажы жол-жобосуна жайгаштырылган жана Россия Федерациясынын аймагынан кетүүчү жыгач материалдарына жана жыгач иштетүү өнүмдөрүнө карата жүргүзүлөт.


Евразия экономикалык комиссиясы тараптарга экспериментти уюштурууда келип чыккан көйгөйлүү маселелер боюнча зарыл болгон оперативдик көмөк көрсөтөт.

Товарларды экспорт жол-жобосуна жайгаштырууда Беларуста навигациялык пломбалар автомобилдердин жүк жайгаштырылуучу бөлүгүнө коюлат.

Эксперименттин шарттарында жыгач материалдары жана жыгач иштетүү өнүмдөрү менен жүктөлгөн жүк ташуучу унаалар Россияга кире турган контролдук пункттардын (Красное, Рудня, Красный Камень) тизмеси, ошондой эле жүк ташуучу транспорт каражаттарынан навигациялык пломбаларды алып салынган жана алар Россиянын аймагынан чыккан автомобилдик (Яраг-Казмаляр) жана контролдук өткөрүү пункттарынын (Маштаково, Бугристое, Петухово) тизмеси аныкталган. 

Эксперимент жүргүзүүнү беларустук тарап, жогоруда көрсөтүлгөн өткөрүү пункттары аркылуу экспорт бажы жол-жобосуна жайгаштырылган жыгач материалдарын Россиянын аймагы аркылуу ташып чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле эки өлкөнүн аймактары боюнча товарларды ташууда навигациялык пломбалардын колдонулушун текшерүү үчүн демилгелеген.

Биринчи жүк ташуучу автомобиль Беларустан Россияга ушул жылдын 13-февралынан 14-февралына караган түгү жөнөгөн. Тактап айтканда, машина беларустук Могилевдон россиялык-казакстандык мамлекеттик чек арасындагы Маштаково контролдук өткөрүү пунктуна чейин эки суткадан аз убакытта жеткен. Колдонулган навигациялык пломба кеткен жеринде штаттык режимде алынган. 17-февралдын эртең мененки убактысына карата, көрсөтүлгөн продукция жүктөлгөн дагы 7 автомобиль, навигациялык пломбаларды колдонуу менен жолго чыгарылган.

Эксперимент 2023-жылдын 1-июнуна чейин жүргүзүлөт, андан кийин катышуучулар анын натыйжалуулугун баалашат.

Навигациялык пломбаларды колдонуу Бирликтин бүткүл мейкиндигинде ташуулардын бир эле учурда абсолюттук "ачыктыгын" жана "тигишсиздигин" камсыз кылуу менен, мамлекеттик контролдоо чараларын минималдаштыруу аркылуу логистиканы оптималдаштырууга жана натыйжа катары, жүктү алуучуга жеткирүү жол-жобосун жеңилдетүүгө жана тездетүүгө мүмкүндүк берет.

Алынган практикалык тажрыйба Комиссиянын азыркы учурда тараптар менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан ченемдик актыларын даярдоодо эске алынат.

Ушул жылдын апрель айында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 21-октябрындагы № 25 тескемеси менен каралган башка эксперимент башталат. Ал транспорттун темир жол жана (же) автомобилдик түрлөрү менен ташылуучу өз ара сооданын товарларына карата жүргүзүлөт. Жаңы долбоорго Казакстан, Кыргызстан жана Россия кошулат. 


Маалымат

Евразия экономикалык бирлигинде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 19-апрелинде кол коюлган. Азыркы учурда бул Макулдашуунун ратификациясы акыркы баскычта турат.

Макулдашуу Бирликтин аймагы боюнча ташууларды уюштурууда заманбап техникалык жана технологиялык чечимдерди колдонууну кеңейтүү жолу менен Бирликте товарлардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыздоого, ошондой эле товарларды ташууга карата (транзитте, экспортто жана өз ара соодада) бажылык жана мамлекеттик контролдун башка түрлөрүнүн чараларын колдонууну минималдаштырууга багытталган.

Макулдашууну практикалык жүзөгө ашырууга тараптардын жана ТЭИ катышуучуларынын даярдыгы үчүн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 21-октябрындагы № 25 тескемеси жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 17-октябрындагы № 29 тескемеси кабыл алынган, анда өз ара сооданын алкагында өткөрүлүүчү товарларга жана экспорттун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардын айрым категорияларына карата навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперименттерди жүргүзүү каралган.

Комиссиянын эксперименттеринин натыйжалары 2023-жылдын 30-июнунан кеч эмес алынышы керек.