Жаңылыктар

19.05.2022 (Обновлено: 27.05.2022 11:03)

Жаңы автомобиль өндүрүшүн баштоодо Кыргызстан автомобилдердин шайкештигин баалоону жеңилдетилген форма боюнча жүргүзө алат

Мындай чечимди Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрү дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү киргизип жатып кабыл алды.

Бул мүмкүнчүлүк техникалык регламентте транспорт каражаттарына коюлуучу бирдиктүү талаптарды белгилөө жөнүндө Женева макулдашуусуна катышкан өлкөлөр үчүн буга чейин эле каралган. Бул норма даярдоочу өндүрүштү баштоону кийинкиге калтырбай, продукцияны сериялуу чыгаруу үчүн зарыл болгон сертификаттоо иштерин параллелдүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн каралган.

Бирок Кыргыз Республикасы – азырынча Женева макулдашуусуна мүчөлүк кылбаган ЕАЭБдеги жалгыз өлкө. Учурда аталган макулдашууга кошулуу жол-жобосу жүргүзүлүүдө, ошондуктан ЕЭК Кеңеши Женева макулдашуусуна мүчөлүк кылбаган мамлекеттин аймагында да жаңы өндүрүштү баштоодо шайкештикти баалоонун жеңилдетилген жол-жобосун колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө түзөтүүнү киргизди.

Аталган норманын аракеттенүү мөөнөтү – 2023-жылдын 31-декабрына чейин.