Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 14-декабрда болуп өткөн отурумунда мүлктү баалоо объекттеринин салыштырма тизмеги жөнүндө сунуштама кабыл алынды.
Салыштырма тизмек Евразия экономикалык бирлигинин ар бир мүчө мамлекетинде тиешелүү объекттерге карата мүлктү баалоо жүргүзүүгө укук берген уруксаттарды көрсөтүү менен мүлктү баалоо объекттерин камтыйт
.
ЕЭК Кеңешинин сунуштамасы ЕАЭБ мамлекеттеринин баалоо ишмердиги жаатындагы мыйзамдарындагы өзгөрүүлөрдү ыкчам эске алууга мүмкүндүк берет.
Эске салсак, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2020-жылдын 11-декабрындагы №19 чечимине ылайык, мүлктү баалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр сектору 2025-жылдын 1-январынан тартып кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу режимине өтөт.
ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары баалоо ишмердигин жүзөгө ашыруунун шарттарына карата жалпы ыкмалардын алкагында мүлктү баалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун иштешинин башталышына карата акыркы тизмекти бекитүүсү пландаштырылууда.
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде баалоо объекттеринин аталыштары айырмаланат, ал эми тизмек баалоочуларга аларда болгон уруксаттарды башка мүчө мамлекеттерде колдонулган уруксаттар менен салыштырууга мүмкүндүк берет жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун эрежелерин бузуулардын алдын алуу жана Бирликтин башка өлкөлөрүнүн баалоочуларын контролдоо боюнча кошумча курал болмокчу.
Маалымкат
Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун иштешинин алкагында баалоо ишмердигин жүргүзүү шарттарына карата жалпы мамилелер Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 23 чечими менен бекитилген жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн баалоо ишмердиги жаатындагы мыйзамдарына киргизүү үчүн милдеттүү болуп саналат.