Оюнчуктарга карата техникалык регламентке өзгөртүүлөр кабыл алынды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши "Таңгактын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү бекитти. Өзгөртүүлөр ЕЭК тарабынан Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен биргеликте даярдалган.

Документте техрегламентте типтүү схемалардын негизинде таңгактын (тыгындоочу каражаттардын) шайкештигин декларациялоо схемаларын жана жол-жоболорун белгилөө каралат.

Колдонуудагы техрегламентти колдонуу практикасы эске алынган, анын ченемдери Бирлик жөнүндө келишимге ылайык келтирилген.

Өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу шайкештикти баалоонун бирдиктүү жол-жоболорун колдонууну жана ЕАЭБдин ар бир өлкөсүндө жүргүзүлгөн баалоонун натыйжаларынын салыштырмалуулугун кепилдейт.

Техрегламенттерде шайкештикти баалоо жол-жоболорун системалуу кайра карап чыгуу улантылууда.