Жаңылыктар

18.07.2022 (Обновлено: 26.07.2022 11:23)

Евразия тармактык университетин түзүү боюнча алгачкы уюштуруучулук чечимдер кабыл алынды

Евразия тармактык университетинин (ЕТУ) уюштуруучулары – Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн алдыңкы он беш жогорку окуу жайларынын жетекчилери ЕТУ жөнүндө жобону жактырышты. Кеңешме 15-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин катышуусунда видеоконференция форматында өткөрүлдү.

Буга чейин 25-майда Бишкекте өткөрүлгөн Евразия экономикалык форумунун аянтчасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы ЖОЖдорунун ректорлору Евразия тармактык университетин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Анын максаты – Стратегия-2025ке ылайык билим берүү тармагында тоскоолдуктарсыз чөйрөнү түзүү. 

ЕТУ алыстан билим берүү технологияларын пайдалануу менен квалификациялуу кадрларды даярдоо, илимий изилдөөлөрдү жана иштелмелерди уюштуруу, евразиялык интеграциянын баалуулуктары духунда жаштардын жеке өсүшүн демилгелөө жана башка багыттар менен алектениши болжолдонууда.

Евразия тармактык университети жөнүндө жобо ЕАЭБ укугун эске алуу менен анын ишмердигинин предметин жана багыттарын, анын ишин уюштуруу жана ишмердигин башкаруу формасын, катышуучуларды кабыл алуу жана чыгаруу тартибин, ишмердигин каржылоону, ошондой эле ЕТУга угуучуларды кабыл алуу жана окутууну аныктайт.

Евразия тармактык университети юридикалык жакты түзүүсүз илимий-билим берүү консорциуму катары түзүлүүдө. ЕТУнун түзүмдүк бөлүмчөлөрү меморандумга катышкан конкреттүү окуу жайларына бекитилген.

Мындан сырткары, кеңешмеде ЕТУнун Координациялык кеңеши түзүлүп, Россиянын Мамлекеттик башкаруу университетинин ректору, профессор Владимир Строев анын төрагасы болуп шайланды.

Евразия тармактык университетин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун катышуучулары Белорус мамлекеттик университети, Белорус мамлекеттик экономикалык университети, Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети, Ош мамлекеттик университети, М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, ЕврАзЭК Парламенттер аралык Ассамблеясына караштуу университет, Урал мамлекеттик экономикалык университети, Мамлекеттик башкаруу университети, Белгород мамлекеттик технологиялвк университети, "Москва энергетика институту" Улуттук изилдөө университети, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети болушту. 15-июлдагы кеңешменин жүрүшүндө меморандумдун катышуучуларына Армян мамлекеттик экономикалык университети, Рудный индустриалдык институту жана Жогорку экономика мектеби кошулушту.