In vitro диагностикасы үчүн медициналык буюмдарды классификациялоо боюнча сунуштамалар кабыл алынды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 23-сентябрдагы отурумда Евразия экономикалык бирлигинин алкагында аларды каттоо максатында, in vitro диагностикасы үчүн медициналык буюмдарды колдонуунун потенциалдуу тобокелдигине жараша классификациялоо боюнча методикалык сунуштамаларды кабыл алды.

Мында кеп гематологиялык, жалпы клиникалык, генетикалык, иммунологиялык, микробиологиялык, гемостазды изилдөө, канды инфекциянын болушуна биохимиялык талдоо жана башка көптөгөн лабораториялык анализдерди жүргүзүү жөнүндө болууда. Алар ооруларды жакшыраак түшүнүү жана аларды дарылоонун натыйжалуу жолдорун тандоо үчүн керек.

Мындай изилдөөлөрдө колдонулуучу медициналык буюмдар Комиссиянын методикалык сунуштарына ылайык колдонуунун потенциалдуу тобокелдигине жараша ар кандай класстарга кириши мүмкүн, аларды эске алуу менен медбуюмдарга карата талаптар аныкталат.

Сунуштамалар 2015-жылы Комиссиянын Коллегиясы тарабынан бекитилген колдонуунун потенциалдуу тобокелдигине жараша медициналык буюмдарды классификациялоонун эрежелерине түшүндүрмөлөрдү жана мисалдарды камтыйт жана аталган Эрежелерге ылайык in vitro диагностикасы үчүн медициналык буюмдарды классификациялоого бирдиктүү мамилелерди Бирлик өлкөлөрүндө түзүүгө багытталган. Бул мындай продукциянын экспертизасынын жыйынтыктарын өз ара таануунун деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.