Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттериндеги макроэкономикалык жагдай жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштар жөнүндө баяндаманы жактырды. Отурум 2-февралда Алматыда болуп өттү.
Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери үчүн тышкы шарттар татаал бойдон калганына карабастан, позитивдүү экономикалык динамика сакталууда. Алсак, 2023-жылы керектөөчүлүк сурам жана инвестициялык жигердүүлүк өскөн, өнөр жай өндүрүшү, аткарылган курулуш иштеринин көлөмдөрү жана башка негизги көрсөткүчтөр жогорулаган.
Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев баса белгилегендей, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБдин жалпы ИДӨсүнүн өсүшү 3,7%га жеткен, бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору. Мында өсүштүн лидерлери Армения жана Кыргызстан болушту.
"Биз инвестициялык жигердүүлүктүн өсүшүн байкап жатабыз. Иш жүзүндө инвестициялардын өсүш арымы дүйнөлүк орточо деңгээлден үч эсе жогору. Иштетүү өнөр жайында жана курулушта жогорку өсүш арымы байкалып, 6-8%га жеткен. Инфляциянын деңгээли эки эсеге кыскарган. ЕАЭБ мамлекеттеринин каржылык туруктуулугу жакшырууда, биз иш жүзүндө бюджеттин тартыштыгын каржылоонун ички булактарына өттүк. Өз ара сооданын үлүшү өткөн жылы эки эсеге өскөн жана эки жылдын ичинде анын абсолюттук көлөмү чейрекке көбөйгөн, негизинен инвестициялык жана керектөө товарларынын эсебинен", – деп билдирди Сергей Глазьев.
Ал өнөр жай өндүрүшүнүн өнүгүүсүнө жана импортту алмаштыруунун өсүшүнө өзгөчө көңүл бурду.
"Импортту алмаштыруунун көлөмүн биз 4 трлн рублга баалайбыз, бул соода шарттарынын кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу биз ишке ашыра турган потенциалдын жарымы. Биздин Бирликтин ыңгайлашуусу өтө жогору болгону менен, ошол эле учурда биздин ишканалар мындан дагы көбүрөөк продукция өндүрө алышат. Бизде ЕАЭБ экономикасынын андан ары өсүшү үчүн негизги фонддор боюнча да, эмгек боюнча да, чийки зат боюнча да, илимий-техникалык потенциал боюнча да чектөөлөр жок. Биз өнөр жайында өндүрүштүк кубаттуулуктарды ИДӨнүн жылдык өсүшүнөн 2 пайыздык пунктка жүктөө аркылуу экономикалык жигердүүлүктү жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн баалап жатабыз. Жалпысынан орто мөөнөттүү келечекте ЕАЭБдин ИДӨсүнүн күтүлүп жаткан өсүшүн 3-5%га баалайбыз, ал эми кошумча продукция чыгаруу потенциалы – андан да жогору. Топтоонун жана инновациялык жигердүүлүктүн төмөн ченеми көйгөй болуп саналат. Биргелешкен инвестициялык долбоорлорду колдоо үчүн максаттуу насыяларды кайра каржылоонун атайын каражаттарын пайдаланып, насыяларды кеңейтүү менен экономиканын өсүшүн колдоо керек", – деп белгиледи Сергей Глазьев.
2024-2025-жылдарга макроэкономикалык саясаттын негизги милдети болуп макроэкономикалык чөйрөнү жакшыртуунун, өндүрүштү өнүктүрүүгө инвестицияларды өстүрүүнүн, илимий-технологиялык жана өндүрүштүк потенциалды жогорулатуунун, евразиялык кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору экономикалык өсүштү камсыздоо саналат. Ошондой эле инфляциялык процесстерди андан ары төмөндөтүү зарыл, мында мүчө мамлекеттердин алмашуу курстарын турукташтыруу маанилүү ролду ойнойт.
"Биз интеграцияны өнүктүрүүнүн жаңы этабына киришип жатабыз жана 2035-жылга чейин экономикалык өнүгүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгууда ЕАЭБди өнүктүрүүнүн бюджетин түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана бул бюджетти толтуруу булактарын ойлонууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Анын ичинде алар аркылуу биз ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ресурстарды топтоп, багыттай ала турган экспорттук алымдарды жана башка инструменттерди киргизүүнүн эсебинен, алар бүгүнкү күндө экономикалык өнүгүүнүн башкы артыкчылыгы болуп саналат. Биз 2024-2025-жылдарга ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарына ылайык, дүйнөлүк экономиканын алдыңкы өсүш арымдарын колдоонун бардык мүмкүнчүлүктөрүн көрүп турабыз", – деп жыйынтыктады Сергей Глазьев.
Баяндама Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында жарыяланат.
Маалымат
2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 62-беренесине ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттериндеги макроэкономикалык кырдаал жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар жөнүндө баяндама жыл сайын даярдалат.