"Продэкспо 2023": Бирликтин органикалык продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

"Продэкспо 2023" тамак-аш азыктары, суусундуктар жана аларды өндүрүү үчүн чийки заттар эл аралык көргөзмөсүндө пленардык отурумдун жана "Россиялык органикалык продукцияны сатууну өнүктүрүү: ички жана тышкы суроо-талап" панелдик дискуссиясынын алкагында, Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян ЕАЭБде органикалык продукциянын бирдиктүү рыногун түзүү жана Комиссия тарабынан Бирликтин мамлекеттери менен бирдикте аны түзүү боюнча жол картасынын иш-чараларын ишке ашыруу жөнүндө айтып берди.


ЕЭК өкүлү дискуссиянын катышуучулары менен Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Органикалык продукцияны таануу жөнүндө макулдашуунун долбоорун даярдоонун жүрүшү тууралуу маалымат менен бөлүштү. Документке кол коюу ЕАЭБдин бүткүл аймагында органикалык өндүрүштүн продукцияларынын эркин жүгүртүлүшү үчүн баштапкы чекит болуп калмакчы. Ошондой эле ал жаңы эл аралык келишимдин долбооруна киргизилген негизги жөнгө салуу ченемдерин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө Бирликте органикалык ыкма менен өндүрүлгөн азык-түлүккө болгон суроо-талапты, ошондой эле органикалык продукциянын экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн биз көрүп жаткан кадамдар абдан маанилүү, — деп баса белгиледи Армен Арутюнян. — Органикалык өнүмдөрдүн адамдын ден соолугу үчүн пайдасы жөнүндө керектөөчүлөрдүн маалымдуулугун жогорулатуу жана аларды керектөөнү популяризациялоо, органикалык өндүрүш жаатындагы талаптардын эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү боюнча ишти улантуу маанилүү. Органикалык продукция менен эркин соодалашууну камсыз кылуу үчүн органикалык айыл чарба тутумдарын өз ара таануу маселелери боюнча мамлекеттер аралык кызматташтык чоң мааниге ээ".
Көргөзмөнүн иштиктүү программасы салтуу түрдө "Роскачество" АКэУ тарабынан уюштурулган, органикалык продукцияга арналган дискуссия менен ачылды. Бул жылы иш-чарада маселелердин кеңири чөйрөсү каралды – экспорттук мүмкүнчүлүктөр жана органикалык продукцияга ички суроо-талапты жогорулатуу, органикалык керектөөчүнүн образы, органикалык рынокту өнүктүрүү үчүн колдоо чаралары, органикалык продукцияны жүгүртүү чөйрөсүндө контроль жана көзөмөл ж. б.

"Продэкспо 2023" көргөзмөсүнүн иштиктүү программасынын пленардык отуруму Россиянын азык-түлүк рыногундагы негизги өзгөрүүлөргө арналды. Армен Арутюнян отурумдун спикери катары тамак-аш өнөр жай тармактарында өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, импортту алмаштыруу жана сапатты жогорулатуу, азык-түлүк өндүрүүчүлөрдү чийки зат, жабдуулар жана комплекттөөчү заттар менен камсыздоо, ошондой эле логистикалык чынжырларды жана жаңы экспорттук багыттарды өнүктүрүү темаларын талкуулоого катышты.