Өткөөл мезгил техникалык регламенттин 2023-жылдын 1-январында күчүнө кирүү күнүнөн тарта 18 айга, башкача айтканда, 2024-жылдын 30-июнуна чейин белгиленген. Аталган убакыттын ичинде техникалык регламент күчүнө кирген күнгө чейин берилген, Бирликтин мыйзамдарына, анын ичинде "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин баалоо жөнүндө документтер боюнча продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө чыгарууга жол берилет. Мындай продукцияны анын даярдоочусу тарабынан белгиленген жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде жүгүртүүгө жол берилет.
Ошондой эле, канаттуулардын этине карата техникалык регламент күчүнө кирген күнгө чейин Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программаны жана бажы жол-жоболорунун астына жайгаштырууда "Канаттуулардын этинин жана аны кайра иштетүү продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин талаптарынын аткарылышын тастыктоого жаткан продукциянын тизмегин даярдайт.
Өткөөл жоболор техникалык регламенттин талаптарына жана канаттуулардын этине жана аны кайра иштетүү продукциясына карата шайкештикти баалоо жөнүндө документтерге баскычтар боюнча өтүү үчүн кабыл алынган.
ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү