Жаңылыктар

14.06.2022 (Обновлено: 28.06.2022 11:56)

РИА Новости сайтында жашыл экономика жөнүндө долбоор башталды

Евразия экономикалык комиссиясы жана "Россия сегодня" эл аралык медиатобу Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө жашыл экономиканы өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен долбоорду башташты. Долбоор медиатоптун флагманы болгон ria.ru сайтында, ошондой эле Sputnik эл аралык маалымат агенттигинин жана радиосунун жакынкы чет өлкөлөрдөгү – Армениядагы, Беларустагы, Казакстандагы жана Кыргызстандагы сайттарынын улуттук версияларында башталды.

Долбоордун материалдары ЕАЭБдин жашыл саясатынын максаттары жана милдеттери, ошондой эле экономиканын өнөр жай, айыл чарба жана башка тармактарындагы мыйзамдык, илимий, өндүрүштүк ж.б. демилгелер жөнүндө айтып берет.

ЕАЭБ өлкөлөрү планетада климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү үчүн олуттуу иш-аракеттерди жумшоодо. Бирликтин өнүгүүсүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын бири – жашыл экономиканы түзүү жана киргизүү концепциясын иштеп чыгуу.

Мындан сырткары, климаттык күн тартибинин алкагында конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн 2021-жылдын 20-августунда ЕАЭБде жогорку деңгээлдеги атайын жумушчу топ (ЖДЖТ) түзүлгөн, ал эми бул багыттын өзү евразиялык экономикалык интеграциянын 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп калды.

Маалымат

"Россия сегодня" – миссиясы дүйнөдө болуп жаткан окуяларды ыкчам жана салмактуу чагылдыруу, аудиторияны негизги окуяларга ар түрдүү көз караштар жөнүндө маалымдоо болгон эл аралык медиатоп. "Россия сегодня" медиатобуна бир катар маалыматтык ресурстар кирет: чет өлкөлөрдө – Sputnik эл аралык жаңылык агенттиги жана радиосу, Россияда – РИА НовостиПРАЙМИноСМИУкраина.руBaltnews жана ТОК. "Россия сегодня" ресурсунун жаңылыктарын пресс-кызматтын Зубовский, 4 телеграм-каналында көрүүгө болот.