Жалпы электр энергетикалык рыноктун иштөө эрежелеринин долбоорлору Бирликтин органдары тарабынан каралуусуна даяр

Евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын, ошондой эле алдыңкы энергетикалык компанияларынын өкүлдөрү ЕАЭБдин жалпы электр энергетика рыногунун ченемдик базасын түзүүнү, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына караштуу электр энергетикасы боюнча консультативдик комитеттин 18-отурумунда 24-августта Чолпон-Ата шаарында (Кыргызстан) талкуулашты.

Отурумда макулдашылбаган жоболордун олуттуу саны жөнгө салынды. Жалпы электр энергетикалык рыноктун иштөө эрежелеринин топтомуна кирген эки документтин долбоорлору жогорку деңгээлде кабыл алуу жана бекитүү үчүн даярдалган. ЕЭКтин энергетика департаментинин директору Вадим Закревский электр энергиясын өз ара сатуу эрежелеринин долбоору жогорку даярдыкта экендиги туурасында билдирди.

Консультативдик комитет ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунда (ЖЭР) мамлекеттер аралык кесилиштеринде өткөрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана бөлүштүрүү эрежелеринин долбоорун жактырды. Документтин долбоору ушул жылдын сентябрь айында ЕЭК Коллегиясынын отурумунда каралмакчы.

Ошондой эле отурумда ЕАЭБ ЖЭР алкагында электр энергиясын (кубаттуулукту) мамлекеттер аралык берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк эрежелеринин долбоору макулдашылды. Ал эми анын шарттары боюнча тараптардын пикир келишпестиктери болгон учурда соодадан тышкары мамлекеттер аралык өткөрүп берүүгө келишимдерди түзүүгө тиешелүү маселе макулдашылган жок (ЕЭК Кеңеши тарабынан каралат).

ЕАЭБ ЖЭРде электр энергиясын өз ара соодалоонун эрежелеринин долбоорунда Бирликтин ЖЭРинде соодалашуунун валютасы боюнча маселе жөнгө салынган. Тараптар борборлоштурулган соодада бир сутка мурда жана мөөнөттүү контракттар боюнча өтүнмөлөрдү берүү жана электр энергиясына бааларды белгилөө, анын юрисдикциясында борборлоштурулган соода оператору өз ишмердигин жүргүзгөн мүчө мамлекеттин валютасында жүзөгө ашырылат деп макулдашышты.

ЕЭК Коллегиясынын тапшырмасы боюнча, консультативдик комитетте ЕЭК Кеңешинин мөөнөттүү контракттар боюнча жана бир сутка мурда электр энергиясын борбордоштурулган соодалоонун операторлорун (соода аянтчаларын) аныктоо жөнүндө тескемесинин долбоорунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө даректелген пункттарды сактоо зарылдыгы кошумча каралды. Бул документтин долбоорунда Беларустун, Казакстандын жана Россиянын өкмөттөрүнүн дарегине тапшырмалардын болушу, соода аянтчалары тарабынан Бирликтин ЖЭРинде электр энергиясын борборлоштурулган соодалоонун операторлорунун функцияларын ишке ашыруу үчүн аларда азыркы учурда колдонулган иштиктүү процесстерди жана программалык-аппараттык комплекстерди модернизациялоого багытталган иш-чаралардын топтомунун аткарылышын, ошондой эле зарыл болгон учурда чыгымдарды каржылоону кепилдейт. Талкуунун жыйынтыгы боюнча ЕАЭБдин төрт мамлекети мындай муктаждыкты тастыкташты.

"Электр энергиясынын жалпы рыногунун иштешин жөнгө салуучу бардык документтерди тезирээк макулдашуу евразиялык "бешилтиктин" президенттери белгилеген мөөнөттө электр энергиясынын эркин соодасын уюштурууга мүмкүндүк берет", - деп белгиледи ЕЭКтин энергетика департаментинин директору Вадим Закревский иш-чараны корутундулап жатып.

Жалпы рынокто электр энергиясынын борборлоштурулган соодасын уюштуруу үчүн ЕЭК Кеңеши мындай сооданын операторлорун аныкташы керек. Беларусь, Казакстан жана Россия ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунда иштөө үчүн өздөрүнүн соода аянтчаларын буга чейин сунушташкандыгын белгилей кетүү керек. Бул Беларусь универсалдуу товардык биржасы, Казакстандык электр энергиясынын жана кубаттуулук рыногунун оператору, Санкт-Петербург эл аралык товардык-чийки зат биржасы жана россиялык Соода тутумунун администратору. ЕЭК Кеңешинин тиешелүү тескемесинин долбоору даярдалып, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетика министрлери тарабынан макулдашылган жана ЕАЭБ органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.