ЕЭКтин профилдик Консультативдик комитети автомобиль жолдорунун, оюнчуктардын, жеңил өнөр жайынын продукцияларынын коопсуздугу, шашылыш фитосанитардык чараларды киргизүү маселелерин карады

Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренконун төрагалыгы астында Техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча консультативдик комитеттин отурумунда Бажы бирлигинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүн долбоору коомдук талкууга жөнөтүү үчүн жактырылды. Мындан тышкары, Консультативдик комитет жалпысынан ЕЭК Коллегиясы тарабынан карала турган Бажы бирлигинин "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине өзгөртүүлөрдүн долбоорунун редакциясын колдоду.

Ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын отурумунда кароо үчүн "Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөр жана "Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программасынын актуалдаштырылган редакциясы жактырылды.

Консультативдик комитет ЕЭК Коллегиясынын отурумунда кароо үчүн Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин шашылыш фитосанитардык чараларды киргизүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү тартибин жана ЕАЭБдин бажы чек арасында жана Бирликтин бажы аймагында ветеринардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруунун бирдиктүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдүн долбоорун жиберүүнү сунуштады.

Консультативдик комитеттин отурумунун жыйынтыгы боюнча Комиссиянын Коллегиясынын отурумунда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) тийиштүү продукцияга (товарларга) карата бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга, аялдардын жеке гигиена каражаттарына талаптар менен толуктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдүн долбоорун кароо жөнүндө чечим кабыл алынды.

Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын сунуштары боюнча Консультативдик комитет карантиндик фитосанитардык чаралар боюнча комитетченин жана "Фитосанитардык чаралар" багыты боюнча жумушчу топтун актуалдаштырылган курамдарын бекитти.