Программалык комитет Евразия экономикалык форумунун архитектурасын талкуулады

Евразия экономикалык форумунун (ЕЭФ) Программалык комитетинин биринчи отурумун 5-мартта Москвада Комитеттин төрагасы, Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович өткөрдү.

Ал форумду өткөрүүнүн негизги уюштуруу учурлары, кабыл алуучу тараптын инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Эске салсак, ЕЭФ ушул жылдын май айында Минск шаарында өтөт.

Программалык комитеттин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнүн форумдун архитектурасынын концепциясы жана түзүмү, ЕЭФ архитектурасынын негизги жети блогунун панелдик сессиялары жана тегерек столдору менен толтуруу боюнча сунуштары талкууланды. Бул аны даярдоо баскычындагы негизги суроолордун бири. Кийинчерээк архитектуранын негизинде иштиктүү программа түзүлөт.

Бирлик өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жана Комиссия — Комитеттин мүчөлөрү — форумдун архитектурасын кезектеги отурумда келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен бекитүүнү макулдашышты.

Евразия экономикалык форумунун Уюштуруучулук жана Программалык комитеттери ЕЭФ өткөрүүнү даярдоо жана уюштуруу үчүн мурда түзүлгөн.