Лак-боёк материалдарын өндүрүү жаңы эрежелерге өтөт

Комиссиянын Кеңешинин 2026-жылдын 20-майындагы № 65 чечими менен Евразия экономикалык бирлигинин "Лак-боёк материалдарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти (ЕАЭБ ТР 053/2026) кабыл алынды. Анын негизги максаты – адамдын өмүрүн жана ден соолугун, мүлктү, айлана-чөйрөнү, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өмүрүн жана ден соолугун коргоо, лак-боёк материалдарын керектөөчүлөрдү алардын арналышы жана коопсуздугу боюнча жаңылыштыкка алып келүүчү аракеттердин алдын алуу.

Регламент боёктор, лактар, грунтовкалар, суу-дисперсиялык, көп компоненттүү, күлмайда түрүндөгү, аэрозолдук таңгактагы сыяктуу лак-боёк материалдарына бирдиктүү милдеттүү талаптарды белгилейт. Ошондой эле булар – эмалдар, лазурлар, сиңирмелер, жыгачты коргоочу каражаттар, жыгач үчүн морилкалар, оттон коргоочу курамдар, декоративдик шыбактар, шпатлевкалар, олифалар.

Техникалык регламент лак-боёк материалдарын маркалоого жана таңгактоого, ошондой эле коопсуздук паспортуна талаптарды белгилейт.

Документ менен негизги түшүнүктөр, лак-боёк материалдарын идентификациялоо жана аларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында жүгүртүү эрежелери жана, албетте, беш өлкө үчүн бирдиктүү форма боюнча күбөлүк берүү менен мамлекеттик каттоо формасында шайкештикти баалоо тартиби белгиленет.

Иш жүзүндө техникалык регламент Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын аймактарында 2028-жылдын 1-январынан тартып, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагында – 2032-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Ошол эле учурда, Комиссиянын Кеңешинин Чечими өзү ал расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн соң (2026-жылдын 1-июлу) күчүнө кирет.