Жаңылыктар

23.09.2022 (Обновлено: 03.10.2022 12:51)

ЕАЭБде аквакультура продукциясын өндүрүү беш жылдын ичинде 1,7 эсеге өстү

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө аквакультуранын өнүгүү тенденциялары, бул чөйрө өсүү арымдары боюнча агроөнөр жай комплексинин башка багыттарынан кыйла алдыда экендигин көрсөтүп турат. Мында эң чоң өсүштү Кыргызстан (5 эсе), Казакстан (4 эсе) жана Россия Федерациясы (1,7 эсе) көрсөтүүдө.

ЕАЭБде аквакультуранын өнүгүүсүнүн жогорку арымдары жана келечектүүлүгү 21-23-сентябрда Санкт-Петебургда өткөн эл аралык балык чарба форумунда жана балык индустриясынын, деңиз өнүмдөрүнүн жана технологияларынын көргөзмөсүндө (Global Fishery Forum & Seafood Expo Russia 2022) белгиленди.

"Аквакультура – бул ЕАЭБ мамлекеттеринин өндүрүүчүлөрүнүн азык-түлүктүк потенциалын жана компетенциясын бекемдөөгө мүмкүндүк берүүчү чектеш тармактарды өнүктүрүү үчүн түрткү берүүчү стратегиялык чөйрө, - деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян "Акылдуу аквакультура" панелдик сессиясында сүйлөп жатып. - Биздин Бирликтин жалпы рыногу продукцияны натыйжалуу жеткирүүгө мүмкүндүк берет – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда балыктарды жана балык азыктарын өз ара сатуунун көлөмү акыркы беш жылда 1,6 эсеге өскөн".

Анын айтымында, Комиссия Россиянын Балык уулоо боюнча федералдык агенттигинин, ЕАЭБ мамлекеттеринин жана ФАО эксперттери менен биргеликте тармакты андан ары өнүктүрүү, анын ичинде инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну колдоо, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча демилгелерди иштеп чыгууда.

"Академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү бардык өлкөлөрдүн студенттерине балык чарба тармагындагы бир катар маселелер боюнча заманбап билим алууга мүмкүнчүлүк берет", – деп белгиледи Армен Арутюнян.

Комиссиянын Коллегиясы тарабынан кабыл алынган мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча сунуштамалар жана аквакультураны жана балык уулоону туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга карата жалпы принциптер жана ыкмалар интеграциялык потенциалды пайдаланууга жана чөйрөнүн туруктуу иштешине багытталган.

Ошондой эле Армен Арутюнян балык өстүрүү үчүн тоюттардын, балык өстүрүүчү материалдардын, жабдуулардын импортунан көз карандылыкты азайтуу, санариптик жана инновациялык чечимдерди жайылтуу боюнча талкуунун модератору болду. Талкуу "Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө аквакультураны туруктуу өнүктүрүүнүн практикалык маселелери" тегерек столунда болуп өттү.

Азыркы учурда балык өстүрүү продукциясынын өсүшү негизинен индустриалдык өндүрүштүн эсебинен камсыз кылынгандыгы белгиленди, ал эми 2030-жылга карата Россияда индустриалдык лосось өстүрүүнүн продукциясы 250 миң тоннаны түзөрү күтүлөт.

Иш-чарага Россиянын Балык уулоо боюнча федералдык агенттигинин, Федерация Кеңешинин, ФАО, Россапаттын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бийлик органдарынын жана илимий мекемелеринин, балык продукциясын жана ресурстарды өндүрүүчү ишканалардын, тармактык бирликтердин, ассоциациялардын жана аквакультура рыногунун башка катышуучуларынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.