ЕАЭБде айыл чарба продукциясынын өндүрүшү 2024-жылдын январында 0,5%га өстү

2024-жылдын январь айында Евразия экономикалык бирлигинде бардык категориялардагы чарбачылыктарда айыл чарба продукциясын өндүрүү 2023-жылдын январына салыштырмалуу 0,5%га өстү. Өсүш Беларуста, Кыргызстанда жана Казакстанда, төмөндөө — Россияда байкалган.

Союу үчүн малды жана канаттууларды өндүрүү (тирүү салмакта) 2023-жылдын январына салыштырмалуу 1%га, сүт өндүрүү — 3,2%га өскөн, жумуртка өндүрүү — 0,9%га төмөндөгөн. Союу үчүн малды жана канаттууларды өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү (тирүү салмакта) Беларуста, Россияда жана Кыргызстанда, төмөндөө – Казакстанда белгиленген. Сүт өндүрүү ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде көбөйгөн (Армения боюнча маалыматтарды эске албаганда). Кыргызстанда, Беларуста жана Казакстанда жумуртка өндүрүүнүн көбөйүшү, Россияда — төмөндөшү байкалган.

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Айыл чарба продукциясын өндүрүү" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.