ЕАЭБде айыл чарба продукциясынын өндүрүшү 0,5%га өстү

2023-жылдын январь-октябрь айларында Евразия экономикалык бирлигинде бардык категориялардагы чарбачылыктарда айыл чарба продукциясын өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,5%га жогорулаган. Өсүш Россияда, Беларуста жана Кыргызстанда, төмөндөө Казакстанда байкалган.

ЕАЭБ мамлекеттеринде айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо аяктоодо. 1-ноябрга карата абал боюнча, ЕЭКтин баалоосуна ылайык, ЕАЭБде баштапкы кириштелген салмакта дан жыйноо өткөн жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 9,8%га төмөндөгөн, ошол эле учурда картофель 4,8%га, жашылчалар – 1,4%га көп жыйналган.

2023-жылдын январь-октябрында мал чарба продукциясынын негизги түрлөрүн өндүрүү көбөйгөн: союу үчүн малды жана канаттууларды өндүрүү (тирүү салмакта) – 2,3%га, сүт – 2,9%га, жумуртка – 1%га өскөн.

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Айыл чарба продукциясын өндүрүү" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.