2022-жылдын январында ЕАЭБде айыл чарба продукциясынын өндүрүшү 0,8%га өстү
10.03.2022
2022-жылдын январь айында Евразия экономикалык бирлигинде бардык категориялардагы чарбачылыктарда айыл чарба продукциясын өндүрүү 2021-жылдын январына салыштырмалуу 0,8%га өстү.
Кыргызстанда – 2,4%га, Казакстанда – 1,5%га жана Россияда – 0,8%га өсүш байкалды.
Атап айтканда, мал чарба продукциясынын негизги түрлөрүнүн өндүрүшү өскөн: мал жана канаттуулар – 4,8%га, сүт – 1,4%га, жумуртка – 3%га.
Кененирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында "Социалдык-экономикалык статистика" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.