Жаңылыктар

21.02.2022 (Обновлено: 05.03.2022 14:59)

ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 5,3%га көбөйгөн

2021-жылы Евразия экономикалык бирлигинде өнөр жай өндүрүшү 2020-жылга салыштырмалуу 5,3%га көбөйүп, 1,4 триллион АКШ долларын түзгөн.

ЕАЭБде тоо-кен өнөр жайында жана карьерлерди иштетүүдө өндүрүштүн көлөмү 4,4%га, иштетүү өнөр жайында – 5,1%га, электр кубаты менен камсыздоодо, газ берүү, буу жана аба кондициялоодо – 7%га, суу менен камсыздоодо, канализациялык тутумда, калдыктарды чогултууну жана бөлүштүрүүнү контролдоодо – 15,1%га көбөйгөн.

Өсүш бардык мамлекеттерде байкалган: Кыргызстанда – 9%га, Беларуста – 6,5%га, Россияда – 5,3%га, Казакстанда – 3,8%га, Арменияда – 3,3%га.

Кененирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында экспресс-серепте берилген.