2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 4,4%га өстү
29.07.2021
2021-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча Евразия экономикалык бирлигинин экономикасы өсүштү көрсөтүүдө. Алсак, ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү дээрлик 620 млрд АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу 4,4%га өстү.
Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын статистика департаментинин экспресс-серебинде айтылат. Иштетүү өнөр жайынын өндүрүш көлөмү 402 млрд АКШ долларын түзүп, 6,5%га өстү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн Беларуста – 10,4%га, Россияда – 4,4%га, Арменияда – 2,1%га, Казакстанда – 1,5%га өсүшү байкалган. Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушундай эле мезгил аралыгына салыштырмалуу 10,6%га төмөндөгөн.
Салыштыруу үчүн – Европа бирлигинде 2021-жылдын январь-майында өнөр жай өндүрүшү 0,5%га өскөн, ал эми Кытайда 2021-жылдын I жарым жылдыгында өсүш 15,9% түздү.