2023-жылдын 5 айында ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү дээрлик 2%га өстү
13.07.2023
2023-жылдын январь-майында Евразия экономикалык бирлигинде өнөр жай продукциясын өндүрүү 2022-жылдын январь-майындагы деңгээлге карата 101,9%ды түздү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү бардык мүчө мамлекеттерде байкалган: Беларуста - 4,1%га, Арменияда – 3%га, Казакстанда – 2,4%га, Россияда – 1,8%га жана Кыргызстанда – 1,2%га.
Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Өнөр жай өндүрүшү" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.