ЕЭК тарабынан иштелип чыккан ЕАЭБдин "жашыл" трансформациясынын концепциясы сыйлыкка татыды

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча блогу тарабынан даярдалган, Евразия экономикалык бирлигинде жашыл экономика принциптерин киргизүү концепциясы Евразия регионунда ERP HONOURS 2024 туруктуу өнүктүрүү боюнча эл аралык демилгелер сынагында үчүнчү орунду ээледи.

Сыйлыкты Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеров туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү отчеттуулук маселелери боюнча Евразиялык регионалдык өнөктөштүгүнүн (ЕРӨ) өкүлүнөн алды.

Концепция "жашыл" трансформациянын максаттарына жетүүнү тездетүү үчүн эл аралык экономикалык кызматташтыктын потенциалын пайдалануу демилгесин билдирет. Анын негизине ЕАЭБдин ар бир өлкөсүндө экологияны жана климатты коргоонун ортосунда оптималдуу балансты камсыз кылуу жана экинчи жагынан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн улуттук максаттарына жетишүү принциби киргизилген.

Буга чейин Концепция БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан ISAR HONOURS 2024 конкурсунун алкагындагы "Мыкты эл аралык демилгелер" номинациясында белгиленген.

EРӨ – бул аймактык платформа, ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн компанияларына, аудитордук уюмдарына жана мамлекеттик органдарына экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын БУУнун 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү жаатындагы Күн тартибин ишке ашырууга кошкон салымы жөнүндө маалыматты ачып берүүгө жардам берет. Ошондой эле, ЕРӨ евразия регионунда бул чөйрөдөгү мыкты тажрыйбаларды жайылтууга өбөлгө түзөт.

ERP HONOURS – ЕРӨнүн жыл сайын өткөрүлүүчү конкурсу. Анын максаты – евразия регионундагы эң мыкты үч жашыл демилгени аныктоо.