ЕАЭБ алкагында стандартташтыруу чөйрөсүн өнүктүрүү стандартташтыруу боюнча Жетекчилердин кеңеши тарабынан каралды

Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий жана блоктун өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын жетекчилеринин кеңешинин отурумуна катышты.

Талкуунун негизги темасы ЕАЭБде стандартташтыруу чөйрөсүн өнүктүрүүнүн системалуу маселелери жана техникалык регламенттерди заманбап мамлекеттер аралык стандарттардын толук кандуу далилдүү базасы менен камсыздоо болду.

"Биз ЕАЭБдин техникалык регламенттерине карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программалардын аткарылышына өзгөчө көңүл бурабыз, — деп белгиледи Валентин Татарицкий. — ЕЭК жүргүзүп жаткан мониторингдин алкагында мындай программаларды ишке ашыруунун жетишсиз натыйжалуулугу аныкталган, бул техникалык регламенттерди заманбап мамлекеттер аралык стандарттар менен өз убагында камсыз кылууну кыйындатат".

Программаларда бардыгы болуп Бирликтин техрегламенттерине карата 2702 мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу каралган. Негизги иштеп чыгуучу өлкөлөр — Россия (2005 МАМСТ), Казакстан (344 МАМСТ), Беларусь (312 МАМСТ).

2024-жылдын аягына чейин 1802 мамлекеттер аралык стандартты иштеп чыгуу пландаштырылган. 1107 стандарт иштелип чыккан жана бекитилген, бул пландалгандын 61 пайызын түзөт.

Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү стандартташтыруу боюнча Мамлекеттер аралык кеңештин жана ЕАЭБдин кызматташтыгын бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Эки интеграциялык аянтчанын маселелери тыгыз байланышкан. Мамлекеттер аралык техникалык комитеттердин техрегламенттеринин далилдүү базасы үчүн мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууга тереңирээк тартуунун маанилүүлүгү, ошондой эле ЕЭКтин стандартташтыруу боюнча комитетченин аянтчасында МАМСТ иштеп чыгууда өлкөлөр ортосунда пайда болгон кайчы пикирлерди талкуулоо баса белгиленди.

Ошондой эле ЕАЭБдин стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын Жетекчилер кеңешинин 2025-2027-жылдарга карата стратегиялык иш планын иштеп чыгуунун актуалдуулугу белгиленди.

2025-жылы Жетекчилер кеңешиндеги төрагалык Беларуска өтөт. Жетекчилер кеңешин Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Елена Моргунова жетектейт.