ЕАЭБ алкагында бажылык жөнгө салууну өнүктүрүү Европалык бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү менен талкууланды

Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов Москвада Европа бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулган бажы конференциясына катышты.

Пленардык сессияда ЕЭК министри бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча пландар жөнүндө айтып, Евразия экономикалык бирлигинин транзиттик потенциалын өнүктүрүү боюнча иштерди өзүнчө белгиледи.

Руслан Давыдов Евразия экономикалык бирлигинин тышкы бажы чек арасындагы өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын артыкчылыктуу өнүктүрүү зарылдыгын ЕАЭБ аймагында транспорттук-логистикалык коридорлорду түзүүнүн эң маанилүү элементи катары түшүндүрдү.

"Өткөрүү пунктунун бирдиктүү интеграцияланган маалыматтык тутумун түзүү үчүн физикалык инфраструктураны гана өнүктүрүү эмес, алдыңкы санариптик технологияларды киргизүү да маанилүү. Мындай иштин оң тажрыйбасы ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө бар. Эми мыкты дүйнөлүк тажрыйбалардын негизинде технологиялык чечимдерди унификациялоого өтүү керек", – деп баса белгиледи Руслан Давыдов.

ЕЭК аянтчасында ЕАЭБ бажы чек арасында өткөрмө пункттарын жайгаштырууга карата ишти координациялоону жана синхрондоштурууну камсыз кылуу үчүн, азыркы учурда тиешелүү инфраструктурага карата бирдиктүү милдеттүү минималдуу талаптар иштелип чыгууда, аларды ишке ашыруу бажы операцияларын жөнөкөйлөтүүгө жана контролдун зарыл деңгээлин сактоо менен өткөрүү пунктунан өтүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.