Жаңылыктар

10.05.2023 (Обновлено: 11.05.2023 17:31)

ЕЭФ-2023тө ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКС бирикмелеринин өз ара иштешүүсүн өнүктүрүүнү талкуулашат

Глобалдык экономикалык архитектураны кайра түзүү шарттарында мамлекеттер аралык бирикмелердин кеңири өнөктөштүк тармагын түзүү жана өлкөлөрдүн бирликтеринин ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин 24-25-майда Москвада өтө турган II Евразия экономикалык форумунун ишкер программасынын алкагындагы "ЕАЭБ — ШКУ — БРИКС: ачык интеграциялык диалог" сессиясынын катышуучулары талкуулашат. Форумдун оператору — Росконгресс Фонду.

Дискуссиянын катышуучулары кызматташтыктын негизги багыттарын, Чоң Евразияда транспорттук-логистикалык мегадолбоорду ишке ашыруунун натыйжасында ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн натыйжаларды, валюталык-финансылык кызматташуунун перспективаларын жана азыркы шарттарда бул интеграциялык бирикмелердин өлкөлөрүнүн өз ара соодасында эсептешүүлөрдүн жаңы формаларына өтүүнү, ошондой эле дүйнөдөгү жалпы экономикалык кырдаалды турукташтырууда бирикмелердин өз ара иштешүүсүнүн ролун талкуулашат.

Сессияга Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, ШКУнун Башкы катчысы Чжан Мин, Түштүк-Африка Республикасынын БРИКСтеги Шерпасы Ани Суклал жана башка кадырлуу серепчилер катышуусу күтүлүүдө. Дискуссиянын модератору — Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун ректору Анатолий Торкунов.

"Интеграциялык форматтардын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү улуттук экономикалардын өсүшүнө гана өбөлгө түзбөстөн, глобалдык рыноктун иштешинде жаңы мамилелерди түзүүгө олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн. Чоң Евразия мейкиндиги уникалдуу соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык артыкчылыктарга ээ, ошол эле учурда БРИКС өлкөлөрүнүн адамдык потенциалы жана ресурстары бул кызматташтыктын натыйжасын бир нече ирет күчөтүүгө жөндөмдүү. Дискуссиянын жүрүшүндө эксперттер ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКС мамлекеттеринин жыйынды мүмкүнчүлүктөрүн колдонмо түрдө колдоно аларына жана мамлекеттер аралык бирикмелердин өз ара иштешүүсүн өнүктүрүүнүн, баарыдан мурда бул өлкөлөрдүн жарандарынын жыргалчылыгы үчүн конкреттүү жолдорун сунуштай аларына ишенем", — деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович.

Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) менен диалог үчүн инфраструктураны план ченемдүү түзүүдө: бул бирикменин мамлекеттерине дүйнөлүк ИДПнын 30%дан ашыгы туура келет. Ошол эле учурда — БРИКСтин катышуусу менен кеңири интеграциялык схеманы илгерилетүү үчүн мүмкүнчүлүктөр да ачылууда: төлөм тутумдарын бириктирүү, өлкөлөр ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды колдонуу, инновацияларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана сооданы жөнгө салуунун, бажылык башкаруунун, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана энергетикалык чөйрөлөрдө мыкты тажрыйбаларды алмашуу маселелери өзгөчө актуалдуу болуп саналат.

II Евразия экономикалык форуму жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму 2023-жылы Евразия экономикалык бирлигинин органдарында Россия Федерациясынын төрагалыгынын алкагында өткөрүлөт. Форумдун максаты евразиялык мейкиндикте кооперациялык байланыштарды өркүндөтүү болуп саналат. ЕЭФ-2023 окуялары "Евразия интеграциясы көп полярдуу дүйнөдө" урааны алдында өтөт. Иш-чаранын алкагында бардыгы болуп 35ке жакын ишкер сессиялар өткөрүлмөкчү. Алар жети тематикалык багытка бөлүнөт, алардын ичинде: "Адам капиталы", "Технологиялар жана кооперация", "Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү ЕАЭБ", "Евразиялык шайкештик", ошондой эле "ЕАЭБдин ички рыногу: бажы кызматташтыгы, атаандаштык жана мамлекеттик сатып алуулар". "Стратегиялык блоктун" алкагында ЕАЭБ Стратегиясы — 2030+ талкууланат.

Мындан тышкары, Евразия экономикалык форумунун "талааларында" "Жашыл Евразия" эл аралык климаттык конкурсу, Евразияда эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого арналган Стратегиялык демилгелер агенттигинин ишкер эртең мененки тамагы жана "Региондор Евразиясы" тегерек столу өткөрүлөт. Ошондой эле Индонезия жана Латын Америкасынын өлкөлөрү менен ЕАЭБдин кызматташтыгына арналган бизнес-диалогдор өткөрүлөт.

Ишкер программасы жөнүндө кененирээк маалымат — форумдун расмий сайтында.