Жаңылыктар

24.06.2022 (Обновлено: 05.07.2022 10:47)

Тездетилген илимий-техникалык өнүгүү потенциалын ишке ашыруу ЕАЭБ өлкөлөрүнө ИДӨнү 35-270%га көбөйтүүгө мүмкүндүк берет

Илимий-техникалык өнүгүүнү тездетилген учурда Беларусь Республикасынын ИДӨсү 2040-жылга барып, инерциялык сценарийге салыштырмалуу 2,7 эсе, Кыргыз Республикасынын ИДӨсү – 2,4 эсе өсүшү мүмкүн. Экономикалык потенциалы илимий-техникалык өнүгүүнүн эсебинен толугу менен ишке ашырылган сценарийде Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын ИДӨсүнүн өсүшү 35-40% түзүшү мүмкүн.

Мындай эсептөөлөр 24-июнда ЕЭК Коллегиясынын отурумунда жактырылган "Евразия экономикалык бирлигинин илимий-техникалык өнүгүүсүнүн приоритеттери жана узак мөөнөттүү болжолдоосу жөнүндө" баяндамада келтирилген.

Документте Бирликтин илимий-техникалык өнүгүүсүнүн приоритеттүү багыттары аныкталган:

1. маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

2. биотехнологиялар, фармакология жана медицина,

3. машина куруу технологиялары,

4. жаңы материалдарды жана отунду өндүрүү технологиялары,

5. айыл чарбасындагы жаңы технологиялар,

6. тоо-кен казып алуу тармактарынын технологиялары. 

Илимий-техникалык өнүгүүнү кеңейтүүдөн олуттуу натыйжаларды беш-он жылдан кийин күтүүгө болот. Баяндамага карата сунуштамаларда Бирликтин илимий-техникалык потенциалын толук форматтуу ишке ашырууну чектеген факторлор – максаттуу каржылык ресурстардын жана техникалык-экономикалык өнүгүүнүн алдыңкы тармактарында квалификациялуу персоналдын жетишсиздиги экендиги белгиленет.

ЕАЭБ мамлекеттеринин узак мөөнөттүү илимий-техникалык өнүгүүсүнүн жакынкы жыйырма жылга карата негизги милдети – катышуучу өлкөлөрдүн экономикасын дүйнөлүк эмгек бөлүштүрүү иерархиясында орто- жана жогорку технологиялык продукциянын өндүрүүчүсү жана экспорттоочусу деңгээлине чейин көтөрүү.

Илимий-техникалык өнүгүүнү тездетүүгө жетишүү үчүн ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы кооперацияны кеңейтүү зарыл. Бул жаңы рынокторду жана аларды камсыз кылуучу өндүрүштүк чынжырларды түзүүнү, үчүнчү өлкөлөрдөн импортту ички жеткирүүлөр менен алмаштырууну, өтмө санариптик технологияларды өнүктүрүүнү ж.б. камтыйт. Мындай учурда Бирликтин бирдиктүү рыногунун максималдуу натыйжалуулугу жана бизнес жана керектөөчүлөр үчүн анын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу камсыз кылынат, "инновациялар аймагы" түзүлөт жана илимий-техникалык ачылыштар ишке ашырылат, адамдар үчүн интеграциянын потенциалы ачып көрсөтүлөт, алардын жыргалчыгылы жана жашоо сапаты жогорулайт.

Мүчө мамлекеттердин илимий-техникалык комплекстеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү экономиканын артыкчылыктуу адистешүү чөйрөлөрү боюнча жана/же илимий уюмдар менен иштеген компаниялардын ортосундагы өнөктөштүктүн негизинде түзүүгө болот.