Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Александр Субботин 27–29-апрелде Москвада болуп өткөн "Жөнгө салуучу практика жана дары-дармектерди каттоо – РегЛек-2026" конференциясынын алкагында "2026-жылы чечилиши эң актуалдуу болгон дары-дармек каражаттарынын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун негизги маселелери" баяндамасы менен чыгып сүйлөдү.
ЕЭК министри дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногу Евразия экономикалык бирлигинин өркүндөтүлгөн укугуна негизделген интеграциялык калыптануунун жаңы деңгээлине жеткенин белгиледи.
"Укук колдонуу практикасынын топтолгон тажрыйбасы каттоо жол-жоболорунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана ЕАЭБде дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногунун туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган жөнгө салууну өнүктүрүүнүн кийинки этабына өтүүгө мүмкүндүк берет", – деп баса белгиледи Александр Субботин.
ЕЭК министри ЕАЭБдин ченемдик базасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына өзгөчө көңүл буруп, биологиялык жана инновациялык дары-дармек препараттарын жөнгө салууну өркүндөтүү, ЕАЭБ Фармакопеясынын 1-томунун IV бөлүгүн даярдоо, ошондой эле дары-дармек каражаттарынын сапатына карата талаптарды унификациялоо боюнча Комиссиянын ишмердүүлүгүнүн башка бир катар багыттарында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Александр Субботин дары-дармектердин жүгүртүлүшүн жөнгө салуу чөйрөсүндө Бирликтин укугун калыптандырууга олуттуу салым кошкон ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эксперттерине Евразия экономикалык комиссиясынын "Евразия интеграциясын өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн" төш белгилерин жана Комиссиянын Ардак грамоталарын тапшырды.
"РегЛек" конференциясы – фармацевтика тармагында жыл сайын өткөрүлүүчү негизги иш-чаралардын бири болуп саналат, анда фармацевтика рыногунун субъекттери жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жөнгө салуучулары дары-дармектерди жүгүртүүнүн актуалдуу маселелерин карашат.