Жаңылыктар

11.01.2022 (Обновлено: 31.01.2022 17:40)

РФ ОСАГО полисин сатып алууда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн бирдей шарттарды түздү

Россия Федерациясынын Борбордук банкынын буйругу менен 2022-жылдын 9-январынан тартып өлкөдө Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жарандары үчүн ОСАГО полисин сатып алууда бирдей шарттар түзүлдү.

Буга чейин полистин баасын эсептөөдө россиялык улуттук айдоочулук күбөлүгү жок айдоочулардын тажрыйбасы эске алынган эмес. Бул ЕАЭБтин башка өлкөлөрүнүн жарандары үчүн полистин баасын олуттуу көбөйткөн. Ошол эле учурда Бирликтин укугуна ылайык, мүчө мамлекеттер камсыздандыруу кызматтарын алуучуларга карата басмырлоочу талаптарды колдонбошу керек.

Бул маселе боюнча Евразия экономикалык комиссиясында тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен мониторинг жана консультациялар жүргүзүлгөн, мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүндө ЕАЭБтин ички рыногунда тоскоолдуктун белгилери бар экендиги жөнүндө корутундулар жөнөтүлүп турган.