ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорттук ведомстволорунун жетекчилери жакынкы үч жылга карата кызматташууну талкуулашты

Транспорт саясаты жана инфраструктуралык өнүгүүнүн негизги аспектилери Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилеринин кеңешинин 7-отурумунда каралды. Отурум Ереванда Армения Республикасынын төрагалыгы алдында болуп өттү.

Отурумда 2021-2023-жылдар аралыгында транспорт саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча жол картасынын айрым иш-чараларынын аткарылышынын жыйынтыктары талкууланды. Жетекчилер кеңеши жарандык авиация жана евразиялык транспорттук коридорлор боюнча эл аралык автоташууларды жүзөгө ашырууда атайын уруксаттарды тариздөө жана берүү жол-жоболорун синхрондоштуруу чөйрөсүндө Бирликтин ченемдик базасын даярдоо боюнча концептуалдуу мамилелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алды.

Ошондой эле ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 2024-2026-жылдарга жол картасынын долбоорун даярдоо жөнүндө айтып берди жана бул документтин айрым пункттарын макулдашууну өткөрүүнү сунуштады. "Менин оюмча, биз документтин макулдашылбаган пункттары боюнча консенсуска жетише алабыз. Аны Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынында бекитүү өтө маанилүү", — деп баса белгиледи Арзыбек Кожошев.

Тараптар Бирликтин мүчө мамлекеттеринде 2035-жылга чейин контейнердик ташууларды өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу, илим жана билим берүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жол картасына киргизүүнү макулдашышты. Аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун түзүү жана иштетүү маселелери боюнча учурдагы пикир келишпестиктерди кароо үчүн Бирликтин алкагында 2024-жылдын июнь айынын экинчи жарымында жогорку деңгээлдеги кеңешмени өткөрүү пландаштырылган.

Ошондой эле Жетекчилер кеңеши евразиялык транспорттук коридорлорду башкаруу механизми жана модели боюнча маанилүү чечимдерди кабыл алды. Жетекчилер кеңешинин башчысы, ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин "Түндүк – Түштүк" эл аралык транспорттук коридору жөнүндө макулдашуу жана КМШнын эл аралык транспорттук коридорлорун макулдашылган өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу боюнча иш алып барган координациялык органдардын ишине Комиссиянын катышуусу боюнча демилгеси колдоого алынды.

ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга карата Беларусь Республикасы менен Россия Федерациясынын товарлардын айрым категорияларына карата навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча экспериментти өткөрүү тажрыйбасы эске алынды.

Жетекчилер кеңешинин чакыруусу боюнча отурумга Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ярослав Мандрон катышты. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү транспорттук долбоорлорду каржылоо боюнча ЕАӨБ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдады.

Жетекчилер кеңеши Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашуу боюнча мындан аркы ишке карата концептуалдык мамилелерди талкуулашты жана Россия Федерациясынын Транспорт министрлигинин Россиянын ички суу жолдору боюнча кемелердин өтүүсүнө уруксат берүү боюнча чечимдерди кабыл алуу тартибин жөнөкөйлөтүү жөнүндө маалыматын эске алды.

Мындан тышкары, ЕАЭБ транспорттук ведомстволорунун өкүлдөрү ЕАЭБдин тышкы чек арасында транспорттук (автомобилдик) көзөмөлдү маалыматтык камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышышты. Ошондой эле 2023-жылы авиациялык коопсуздук боюнча эксперттер тобу менен учуу коопсуздугу боюнча эксперттик топтун иши, алардын 2024-жылга карата милдеттери тууралуу отчет берилди. Эки топ тең Жетекчилер кеңешинин алдында тармактык тажрыйба алмашуу жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн адистештирилген аянтча катары түзүлгөн.

"Биздин көздөшүү форматындагы ишибиз чоң мааниге ээ экендигин билдик. Бул сүйлөшүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатат, анын ичинде талаштуу маселелерди "бул жерде жана азыр" макулдашууда. Жыйынтыгында бул чечим кабыл алуу мөөнөтүн кыскартууга мүмкүндүк берет", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Кезектеги жыйында Жетекчилер кеңеши өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттарын карайт. Сунуштарды Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү ЕЭКке 31-августка чейин жөнөтүшү керек.

Жыйынтыгында отурумдун катышуучулары Армениянын Аймактык өнүктүрүү жана инфраструктура министрлигинин жетекчилигине жылуу кабыл алгандыгы, иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.