Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
арм
бел
қаз
кыр
eng
Комиссиясы
Ишмердик
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 6233
23 октябрындагы 2020
ЕЭК алдын ала маалымдоо боюнча чечимдери ишканалардын жашоосун жеңилдетет
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы алдын ала маалымдоо маселеси боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына транспорттун ар кандай түрлөрү менен ташып келүүгө арналган товарлар жөнүндө алдын ала маалыматтарды берүү тартибине, каттоо тартибине жана алдын ала маалыматты колдонуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Өзгөрүүлөр алдын ала маалыматтын түзүмүнө да тиешелүү болду.
23 октябрындагы 2020
ЕЭК бизнес менен биргеликте эл аралык күн тартибин өнүктүрүүдө
Евразия экономикалык бирлигинин Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ), Европа бирлигинин (ЕБ), Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН), Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ), Африка Бирлигинин жана Латын Америкасынын аймактарындагы өнөктөштөрү менен кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери 23-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев төрагалыгы алдында өткөн кеңешменин жүрүшүндө каралды.
23 октябрындагы 2020
Май кычкылдыктарынын глицидил эфирлеринин камтылышынын ченемдери ЕАЭБдин тамак аш продукциясына талаптарды белгилеген бир нече техникалык регламенттерине киргизилиши мүмкүн
Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары керектөөчүлөрдүн укугун коргоону күчөтүү максатында, май кычкылдыктарынын глицидил эфирлеринин камтылышынын ченемдерин Бирликтин тамак аш продукциясына талаптарды белгилеген бир нече техникалык регламенттерине "пакет принциби" менен киргизүүнү жалпысынан колдошту. Атап айтканда, Бирликтин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" жана "Адистештирилген тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүнүн, анын ичинде диетикалык дарылык жана диетикалык профилактикалык тамактануунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттерине өзгөртүүлөргө ушул талаптарды киргизүү маселеси каралып жатат. Аталган техникалык регламенттер учурда Бирликтин порталында ачык талкууга чыгарылган.
23 октябрындагы 2020
Михаил Мясникович Аскар Маминди туулган күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Казакстан Республикасынын Премьер-министри, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөсү Аскар Маминди туулган күнү менен куттуктады.
23 октябрындагы 2020
Немец бизнесине ЕАЭБ рыногунда иштөө мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдалануу сунушталды
Евразиялык экономикалык комиссия негизги аймактык интеграциялык бирикмелер менен мамлекеттердин ортосунда диалог түзүү менен Чоң Евразиялык мейкиндиктин алкагында өз ара аракеттенүүнү жигердештирүүнү сунуштайт. Бул туурасында ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян 22-октябрда ЕАЭБде немец бизнеси үчүн "Евразия экономикалык бирлиги: мааниси, жетишкендиктери, өнүгүү келечеги" IV конференциясында билдирди.
22 октябрындагы 2020
Андрей Слепнев ЕБ менен тармактык жана соода-экономикалык күн тартиби боюнча диалогду күчөтүүгө чакырды
Евразия экономикалык комиссиясы менен Европа комиссиясынын ортосунда техникалык жана бажылык жөнгө салуу, инфраструктуралык байланыш маселелерин, "жашыл" күн тартибин - айрыкча Европа бирлигинде көмүртекти жөнгө салуу контекстиндеги маселелерди, санариптик чечимдерди предметтүү талкуулоо үчүн эксперттер деңгээлиндеги диалогду күчөтүүгө ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министри) Андрей Слепнев чакырды.
22 октябрындагы 2020
ЕАЭБте айыл чарба продукциясын жүгүртүү жагында талаптарды унификациялоо жана илимий-инновациялык кызматташтыкты өнүктүрүү пландаштырууда
Агроөнөр жай комплекси боюнча консультативдик комитеттин катышуучулары мал чарбачылыгынын жана үрөнчүлүктүн жүгүртүлүшү чөйрөсүндө унификациялоо маселелерин, Евразия экономикалык бирлигинде биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди (ИИТКИ) жүргүзүүнүн артыкчылыктарын, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын талкуулашты. Отурум 21-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси министри Артак Камаляндын төрагалыгы астында өттү.
22 октябрындагы 2020
ЕЭК ЕАЭБ алкагында өнөр жай курулуш чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүдө
Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы эл аралык кызматташтык - өнөр жай курулуш чөйрөсүндө ички рынок үчүн да, тышкы рынокторго чыгуу үчүн да эң келечектүү багыттардын бири болуп саналат. Бул туурасында ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Тигран Арутюнян "Өнөр жай курулушу экономикалык өсүштүн драйвери" панелдик талкуусунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Дагы көрсөтүү