Руслан Давыдов: "Навигациялык пломбалар – ЕАЭБ алкагындагы ачык жана коопсуз сооданын куралы"
Евразия экономикалык комиссиясында "Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ачык жана коопсуз соодасын өнүктүрүүнүн инструменти катары навигациялык пломбалар" конференциясы болуп өттү.

ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов иш чаранын катышуучуларын 2026-жылдын 11-февралынан тарта навигациялык пломбалардын жардамы менен ташууларга көз салууну колдонуунун башталышы жөнүндө маалымдады.

"Навигациялык пломбаларды колдонуу менен көзөмөлдөөнүн көптөн күткөн механизми – бул технологиялык жаңылык гана эмес, логистикалык процесстердин натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатуунун иштиктүү инструменти, ал ЕАЭБ интеграциясы жана өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, – деп белгиледи Руслан Давыдов. – Жакынкы мезгилдин милдети – Бирликтин бажы аймагы боюнча ташылып жаткан товарларга карата бажылык жана мамлекеттик контролдун башка түрлөрүнүн чараларын колдонууну минималдаштырууга мүмкүндүк берген бирдиктүү маалыматтык чөйрөнү түзүү, алардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу".

ЕЭК министри ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууда товарлардын категорияларын жана колдонулган транспорттун түрлөрүн эске алуу менен көзөмөлдөө механизмин акырындык менен киргизүү каралаарын айтты. Пломбаларды практикага киргизүү үч этап менен өтөт жана 1,5 жылга созулат.

Биринчи этапта навигациялык пломбалар товарлардын бир нече тобуна карата колдонулат. Алардын ичинен, биринчиден, акциздик товарлардын санкциялык жана айрым түрлөрү, анын ичинде транзиттин, экспорттун бажы жол-жоболоруна ылайык ташылуучу алкоголь жана тамеки, ошондой эле өз ара сооданын алкагында мүчө мамлекеттердин ортосунда өткөрүлүүчү товарлар. Экинчиден, бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык автомобиль транспорту менен ташылган кийим-кече, бут кийим, техника. Үчүнчүдөн, экспорттун бажы жол-жобосуна ылайык автомобиль транспорту менен ташылуучу жана ЕАЭБдин бажы аймагынан ташылып чыгуучу никотинди камтыган продукция, никотиндик чийки зат.

Конференцияга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, бизнесинин, бажы жана транспорттук-логистикалык чөйрөсүнүн 150дөн ашык өкүлдөрү катышышты.